«АЙЫЛ СТАТУСУН АЛБАЙБЫЗ, ШААР БОЙДОН КАЛАБЫЗ»

Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасынын тургундары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №198-токтомуна нааразы. Ушул жылдын 28-июнунда район башчысы Адылгазы Исагулов орун басары экөө шаар тургундары менен жолугушкан. Анда шаар тургандары: “Эгерде бизге айыл статусу берилсе, бюджеттик мекемелерге көп кыскартуулар болуу коркунучу күтүлөт жана өкмөт тарабынан берилген гуманитардык жардамдар кескин түрдө кыскарат. Айдоо жерибиз жок. Жайытыбыз 532 гана гектар, деңиз деңгээлинен 2100-2600 бийиктикте турабыз.Тегерегибиз бүт уран калдыктары сакталган кампалар. Радиациялык фон курчалган аймак болгондуктан, азыркы учурда биз, шаарчанын тургундары, айылдык статусту алуудан баш тартабыз”,- деп билдиришти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
sr.komp
2012-07-16 14:36:25
Тура кыласынар Нарындыктар
0
zamir_kgz
2012-07-21 03:12:30
Алма быш, оозума туш деген болбойт озунор аракет кылгыла. Мамлекет башчылары кадр маселесине конул бурса жакшы болмок. Бара бара тарыхка айланып бараткан инсандар жонундо уй ремонт кылып жатып таап окуп калабыз.Районун оркундоткон аким, шаар, айыл кыштак башчыларынан суранышчу экен, баш жакты да алга жылдыралы деп.
0
erke85
2012-07-23 14:50:13
Мин Куш айыл болсо анда жашагандардын баары кочуп кетишет. анан Аты бар, заты жок айыл калат.
0
№ 506, 13-июль-19-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан