Чүй
9-14-июль аралыгында Бишкекте экинчи жолу кыздар арасында футболдук таймаш өткөрүлүп жатат. Эң биринчилерден болуп футбол талаасында Бишкек шаарынын курама командасы жана Чүй облусунун командасы оюн көрсөтүштү. Андан кийинки оюн эстафетасы Кант шаарынын жана Ош шаарынын курама командаларына берилди. Учурда эң көп упай топтогондор – Кант жана Бишкек шаарларынын командалары. Футболдук турнирдин финалы 14-июль күнү Көк-Жар конушунун оюн талаасында өтөт.