Чүй
Өз наристесин таштай качкан күкүк энелер көбөйүп баратканы жалпыга маалым. 8-июль күнү болжол менен саат 22:10до Чүй районуна караштуу Кара-Дөбө айылынан жаңы төрөлгөн наристе табылган. Чүй облусунун Башкы ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, наристенин төрөлгөнүнө 5 гана күн болгон экен. Медиктердин айтуусунда, анын ден соолугу жакшы, эч кандай кооптонууну туудурбайт.
Эл көп өтө турган жерге ташталган наристенин жалаягынан кат табылган. Анда “ким таап алса да, баламды татыктуу тарбиялап чоңойтуусун суранам. Менин мүмкүнчүлүгүм болбой калды” деп жазылыптыр. Учурда бул окуянын үстүнөн иш козголуп, күнөөлүү эне изделүүдө.