– Дариха, утушка ээ болом деп ойлодуң беле?
– Оюн башталганда эле «биздин районго качан кезек келет болду экен?» деп чыдамсыздык менен күтүп жүргөн элем. Үй-бүлөбүз менен берилген суроолордун жоопторун таба салып, кат жөнөткөнбүз. Аракетибиз ишке ашып, минтип электр мешине ээ болуп кубанып отурган чагыбыз. Учурдан пайдаланып сиздерге жана редакциядан белегимди алып, салып жиберген агама ыраазычылыгымды билдирем.
– Гезитибиздеги кайсы рубрикалар сени тартат?
– «Супер-Инфо» башка гезиттерден ар тармактуулугу менен өзгөчөлөнүп турат. Гезит колго тиери менен башка жумуштарымды жыйыштырып, макалаларды окуп чыкмайынча жаным тынчыбайт. Мындан ары да жаңы рубрикалар кошулуп, гезитиңиздердин барагы көбөйө берсин.