Таза кийимдерин кийип сыртка чыгып кеткен кызым бир заматта боз ала чаң болуп алдыма жетип келди. «Бул эмне кылганың?!» деп урушуп жатсам, жанымда отурган апа «кой, урушпа, кумда ойноо балага эң пайдалуу. Сен муну урушканды коюп, кум эмнеси менен пайдалуу экенин гезитиңе жаз. Башка энелерге да сабак болсун» деген сунушун айткан эле. Бул тууралуу «ParadiseSun» психологиялык борборунун психологу Гуля Акбутинага кайрылганымда, ал төмөнкүлөргө токтолду.
МАМИЛЕ ТҮЗҮҮНҮ ҮЙРӨТӨТ
Кумда ойногон бала күндөн энергия, ошондой эле кум массажын алары баарыбызга белгилүү. Мындан сырткары кумда ойноо балага башка теңтуштары менен сүйлөшүүсүнө эң жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Кумдан чогуу үй жасашып, оюнчуктарын алмашып ойногондору баланын келечекте адамдар менен мамиле түзө билүүсүнүн башаты болуп саналат.
КУМДА ОЙНОО – ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫН БАШАТЫ
Кумдан бала мунара жасап, анын тегерегин таш, жалбырактар менен фантазиясына жараша ар кандай кылып кооздойт. Бул чыгармачылык эмей эмне? Андыктан балаңыздын чыгармачылыгынын башаты дал ушул кум дөбөдөн башталарын унутпаңыз.
АҢ-СЕЗИМДИ ӨСТҮРӨТ
Бала кум менен ойноодо биринчи жолу форма, көлөм, салмак деген түшүнүктөр менен таанышат. Кумдан үй, мунара жасоо – бала үчүн кадимкидей эмгекти талап кылган процесс. Ал үчүн бала логикалык ой жүгүртөт, физикалык күч жумшайт.
КУМ ТЕРАПИЯСЫ
Балдар психотерапиясында кум терапиясы деген түшүнүк бар. Алаканга чубалжыта кумду чубуртканда кандайдыр бир жылуу сезим келерин сиз да байкаган чыгарсыз. Психологдор өзгөчө түнт, психологиялык жактан жабыркаган балдарга кум менен көбүрөөк ойноону сунуш кылышат. Кумда ойноо менен бала ийгиликсиз нерсени оңдоп, баарын кайра баштоого болорун түшүнөт. Талкалоо – куруу, куруу – талкалоо...
ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg