«Кыз кылыгы менен» деген кыргызда жакшы сөз бар. Ал эми кылыктуу, сексуалдуу кыздар ар бир жигитти өзүнө жипсиз эле байлап алышат. Биздин шоу- бизнесте да жигиттер ичинен тымызын кызыгып, көздөрү менен «атып» жүргөн сексуалдуу айымдар толтура. Кээ бир кыздардын эриндери сексуалдуу болсо, кай бириники көздөрү, дагы бириники дене мүчөсү дегендей, айтор, азыр биз сиздерге кимдин эмнеси сексуалдуу экендигин чыныгы жигиттердин көз карашы менен аныктап берүүгө аракеттенебиз.
«Кыздын кырк чачы улуу» демекчи, «чү» дегенде эле чачынан баштай турган болсок, анда кыргыз шоу дүйнөсүндөгү сулуу бийкечтердин арасынан Гүлнур Асанова алдына эч кимди чыгарбайт. «Гүлнурдун кундуздай чачынан жыттап, саамайынан сыласам» деп кыялданган жигиттердин саны арбын. Айтмакчы, жигиттерде бул сулуу бийкечтин колун кармоого учурда да «шанс» бар!
Ал эми андан кийинки сөз кыздардын өзгөчө «куралы» – көз тууралуу болмокчу. Ооба, бийкечтердин кумарлуу, сулуу көздөрүн көргөндө эркектердин шилекейи агып каларын кыздар өздөрү деле жакшы билишет. Так ошондой сулуу көзгө Гүлзинат Суранчиева эгедер. Бул айымдын көздөрү кудум эле магнит сымал. Дегеним, мырзаларды өзүнө тартат да, турат. Анын көзүнө арбалган темир булчуңдуу «терминаторлор» канча дейсиз?..
Сексуалдуулуктун дагы бир белгиси бул – көз караш. Кыздар көзүн сүзө караганда «жибин үзгөн бука» болуп кеткиң келет да! Бизде ошондой көз караштагы бийкечтер барбы? М-м... Бар экен. Болгондо да экөө. Алардын бири – "Нон-Стоп" дуэтинин ырчысы Чолпон. Ал эми экинчиси – Айя Садырова. Так ушул эки сулуунун көз карашы жигиттерди ажалынан мурда ала жатчу атылган ок десек жарашат.
Мурун тууралуу кеп баштасак, дароо эле Жаным Айзат ойго түшөт. Анын кырдач, түз, чыныгы аялзатына тиешелүү муруну эч бир эркекти кайдигер калтырбаса керек. Чынында, Жаным Айзат мурду менен эле эмес, турган турпаты менен сексуалдуу.
Эриндерин өпкүң эле келе турган, оозу оймоктой кыздар кыргызда толтура. Биринен бири ашат. Бирок ошолордун арасынан Бактыгүл Бадыевага токтолуп кетпесек болбос. Бактыгүлдүн эриндери, эх, кудум «Чупа-чупстай». «Чупа-чупсту» соргуң эле келип турат эмеспи...
«Ак куу белең мойнуң койкойгон?» деп кайсы бир ырда айтылгандай, бизде да ак куудай койкойгон Элина аттуу сулуу бар. «Эх, чиркин! Элинанын атыр жыттанган алкымынан бир эле жолу искесем» деп акылынан адашкан мырзалар аз эмес, бирок кеч эме-ес, жигиттер!
Та-ак, эми кызык жерине келдик. Кыздардын кызыктыра турган бирден-бир жери бул – көкүрөгү. Жигиттердин кулагына жакшы угулуп кетти, ээ?.. «Кимдики эң сексуалдуу көкүрөк?» десеңиз, аны билүү оңой эле. Өзүм көрбөсөм да, бөдөнөнүн тумшугундай кылып болор-болбос баш бактырып алганына караганда, Айгерим Расул кызыныкына ырчы, бийчи бийкечтердин эч бириники жетпейт. Көйнөгүнөн жарым-жартылай чыгып калганын көрүп, булуттан жаңы гана булаң этип чыга калган айды элестетесиңер да, тамшанып кала бересиңер.
Тал чыбыктай ийилген белин көргөндө Зарина Хасанова менен кыналыша бийлегиси келип кеткендер да бар. Чындап келгенде Зарина сулуунун бели – белдердин бели! Ичке, анан калса ырчы айым жука көйнөк кийип алып бийлеп жатканда киндиги көрүнүп, балыктай туйлап турса, кайсы жигит акылдан адашпасын?
Женнифер Лопес деген ысымды укканда эле көз алдыңа анын көркөмдүү жамбашы тартылат. Ал эми биздечи?.. Бизде Женниферге жетпесе да өзүнө жарашыктуу жамбашы менен Кундуз далай мырзалардын көзүн кычыштырат.
Математика сабагында мугалим агайы окуучудан «Ташмат, сага так сандар жагабы же жуп сандарбы?» деп сураса, кайран Ташмат «мага жоон сандар жагат» деген тура. Анын сыңары, жоон саны менен жигиттерди кайырмакка илген бийкечтердин бири – Сайкал Садыбакасова. Дагы жакшы, Сайкал кыска юбка көп кийбейт. Кийсе далайлар тынч уктай албай калышмак.
Жигиттердин көпчүлүгү буту түз, узун айымдарды сексуалдуу деп эсептешет. Ошондуктан Айпери Кубик кызы көбүнчө мырзалардын көңүл чордонунда. Айперинин так ошол түптүз, сексуалдуу буттары менен топ тээп, футбол ойногонун, так секирип бийлегенин көргөндө ого бетер эсин жоготуп, аз жерден «ала жат!» деп кыйкырып жибере жаздаган жигиттерди көрүп эле жүрөбүз го...
Ар кимдин табити ар башка. Бирок кээ бир кыздарды көргөндө «любой» жигиттин «аппетити» ачылып кетери анык. Биз «кыргыз шоу дүйнөсүндөгү бийкечтердин кимиси эң сексуалдуу?» деп сураштырып көрсөк, көпчүлүк мырзалардын кыялында Анжелика айым жашайт экен. Көбү аны «өң десе өңү бар, фигурасы 90-60-90, өзүнчө эле гитара» деп айтып, кыргыз шоу дүйнөсүндөгү эң сексуалдуу айым аташты. Эмне дейбиз, жигиттердин музасына айланып жүрө бер, Анжелика!
P.S. «Билектериң балык туйлаган,
Билеригиң жүрөк кыйнаган.
Каткырганда төшүң бийлеген,
Кылыктарың нени кылбаган?» - деп Айбек агабыз жөн жеринен кыздарга кызыгып обон созгон эмес да. Анткени ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө. Кыргыз кыздарындай дүйнөдөгү эч бир элде сулуу, сексуалдуу, ыймандуу кыздар жок. Кымча бел кыргыз кыздары, кыргыз мырзаларынын бактысы үчүн ар дайым бар болгула!
Эркин Сексенбаев
star@super.kg