«Жашаш керек, жашоонун баркын билели!» деген девизди тутунган тармал чачтуу ырчы Каныкейди билбеген кыргызстандык жок го дейм. Ошол табышмактуу ырчы Каныкей апта каарманыбыз болмокчу.
– Салам, Каныкей. Сенин мурун берген интервьюларыңды барактап отуруп, философиялаштырып көп сүйлөөрүңдү байкадым...
– Салам. Жашоонун өзү философия. Бир келген жашоодо чаржайыт сүйлөгүм келбейт.
– Эпатаждуулук жагынан Кыргызстанда эч кимди алдыңа салбайт болушуң керек?
– Хе-хе... Билбейт экенмин. Өзүмдү антип эсептебейм. Бирок күйөрмандарым ошентип айтып калышат. Демек, алардын айтканы чын.
– Гейлер менен лесбиянкаларды колдойсуңбу? Аларга болгон көз карашың кандай?
– Мен муну жакшы да, жаман да деп айтпайм. Мага баары бир. Бирок ар бир адамдын укугу бар. Аларды сен жаман көрүп, мен жаман көрүп, экөөбүз өзгөртө албайбыз. Анткени алар бар, алар да адамдар.
– «Ээнсиреген үй» тасмасына саундтрек ырдагандан кийин сенин дарегиңе «ырчы Каныкейди сыйлабай калдым» деп айткан саясатчылар болду...
– Аа, мен билем (күлүп). Эми эмне кылмак элем? Сыйлабаса сыйлабай калыптыр. Мен чыгармачылыгымды эч кимге таңуулабайм. Буга капаланбайм деле, мен Каныкеймин да. Фильм – мен сыйлаган Нурбек Эгендин эмгектеринин бири. Кадимки биздин турмушту чагылдырган тасма. Фильмге жакшы же жаман деп комментарий берүүдөн алысмын. Мага баары бир.
– Ырларыңдын темасы эле бир шумдук. Дегеним, «Сарала» деген ырыңдын аталышы тууралуу сурагым келип жатат...
– «Сарала» бул, орусча айтканда, «воспоминание» да, адам саргайып кетет го, санаага батканда, ошондон улам «Сарала» деп аталып калган. Ал эми «Носонтени» ар бир адам жан дүйнөсүнө жараша кабыл алат. Мен ар бир ырымды кылдаттык менен бир жылдап жазам. Мисалы, «Знаю» деген ырым 2007-жылы эле жазылган. Чынын айтсам, жан дүйнөм ырларымды аябай сүйөт.
– Ырларыңдын көбү кайгылуу, азаптуу сүйүү жөнүндө. Тексттерин да өзүң жазат эмессиңби, чыгармаларыңдын жеке жашооңо тиешеси барбы?
– Албетте, ар бир чыгармамдын мага тиешеси бар. Ал эми жеке жашоом тууралуу айтканды жаман көрөм. Менин жеке жашоом – ачылбаган сандык. Аны бекем кулпулап койгом.
– Чыгармачылыгыңды акырындык менен жолго салып алдың. Ал эми жеке жашооңо жаңы бурулушту качан жасайсың?
– Жакшылыктын эрте-кечи жок да. Ал күн да кеч эмес, сөзсүз келет.
– Балетти жакшы көрөрүңдү билебиз. Болочоктогу жолдошуң балет бийчиси болуп калышы мүмкүнбү?
– Жок, ха-ха-ха... Билбейм эми, болуп калышы да мүмкүн. Балетти жакшы көргөнүм чын. Бирок балет бийчисин жашоомдо жолуктурбаптырмын. Балет – искусствонун бийик чокусу. Андыктан балетке тиешеси бар долбоорду курбум, балерина Асел Айдарова менен даярдап жатам. Келечекте, мүмкүн, балдарымды балетке бермекмин.
– Өзүңдү стиль боюнча эксперимент кылуудан коркпойсуң. Мунун кандайдыр бир сыры барбы?
– Адамдар, биринчиден, эрктүү болушу керек. Эркиң күчтүү болсо гана мындай эрдикке бара аласың. Бир келген жашоодо коркуп отура бербей, чечкиндүүрөөк болгон жакшы деп ойлойм. Жашоо – табышмак. Ал табышмакты ар бир күнү табабыз.
– Бош убактыңды кандай өткөрөсүң?
– Үй жыйнап, тамак жасаганга убакыт деле болбойт. Эгер болуп калса, кызыктуу китеп окуп отурганга эмне жетсин?
– Чет элдик күйөрмандарыңдан кандай комплименттерди угасың?
– «Исландиялык ырчы Бьоркко окшош экенсиң» деген комплименттерди угам. Ал дүйнөгө мыкты интеллектуалдык музыкасы менен белгилүү. Ошону айтышканда эле «аа» деп сыймыктанып калам.
– Чет өлкөдөн сунуш түшсө, Кыргызстанды таштап кетмек белең?
– Ооба, сунуш түшсө, атымды Каныкей, фамилиямды Кыргыз деп туруп башка өлкөгө ырчы болуп кетмекмин. Мен муну менен кыргыз экенимди эстеп жүрмөкмүн. Биз баары бир маданиятыбыз менен дүйнөлүк аренага чыгышыбыз керек.
– Дүйнөлүк деңгээлдеги кайсы ырчынын стилине баа бересиң?
– Өзбек ырчысы Севара Назархондун стили, ырдаганы жагат. Жакында эле, 6-июлда Астана шаарынын түзүлгөн күнүндө ал да келиптир. Ошондо бетме-бет баарлашып, ал мага дискин берди. Кошумчалап кетсем, казактар Кыргызстандан мени чакырып, алпаруучунун да милдетин аткардым. Эки казак алпаруучусу, Азербайжандан «Евровидение-2011» сынагынын жеңүүчүсү Эльдар, Кыргызстандан мен болуп төртөөбүз алпардык. Бул мен үчүн чоң сыймык болду.
Лунара Бекиева
star@super.kg