Акыркы жылдары митингчилердин парадын көрө берип, калкыбыз тажап калганы анык. Эл жагымдуу өзгөрүүлөргө суусап турган ушундай учурда «маанай көтөрө турган жаңылыгым бар» деп Союзбек Салиев мырза босогобузду аттады. «Эмне жаңылык?» десек, көрсө, өлкөбүздө учак чыгарылып жатыптыр. Ошентип, Кант шаарына жол тартып, ал жакта куралып жаткан учактарды көрүп, бул жаңылыкты сиздер менен да бөлүшүүнү туура көрдүк.
СКАЙРЕЙНЖЕР УЧАГЫ МҮНӨЗДӨМӨ
АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:
КЕМЧИЛИКТЕРИ:
Учкуч Союзбек Салиев: «СУПЕР-ИНФО» МЕНЕН БИРГЕ УЧАБЫЗ»
– Мен кесибим боюнча учкучмун. Учурда «Valor Air» авиакомпаниясында экинчи учкуч болуп эмгектенем. Жети жылдан бери ушул тармактамын. Мына ушундан улам авиация тармагын Кыргызстанда жайылтуу үчүн достор жана пикирлештер менен биригип, каражат чогултуп, тетиктерди сатып алдык. Аларды өз колубуз менен кураштырып жатабыз. Бирок коопсуздук үчүн кылдаттык керек. Кудай буюрса, август айында учакты курап бүтөбүз. Алгач текшерүү сынагынан өткөрүп, андан соң асманга учурабыз. Алгач учканда «Супер-Инфо» гезитинин кызматкерлери менен кошо учуп, сиздер аркылуу элибизге кабарлайбыз. Бул учак мейли кичинекей болсун, мейли жөнөкөй болсун, бирок кыргыз деле учак чыгара алат.
«ЖАКЫНДА АВИАКЛУБ АЧЫЛАТ»
– Негизги максатыбыз – авиацияга кызыккан жарандарыбыздын башын бириктирүү. Авиацияны элге жакындатууга болгон алгачкы кадамды таштадык. Себеби миңдеген жаш балдар учууну кыялданышат. Ушул себептүү жакынкы аралыкта авиаклуб ачалы деп турабыз. Учурда эки учак бар. Буюрса, дагы каражат таап, учактын санын көбөйтөбүз.
«УЧУУГА УРУКСАТ АЛУУ КЕРЕК»
– Буюрса, кураштырып бүткөндөн кийин учууга уруксат алабыз. «Кыргызаэронавигация» ишканасынан канча бийиктикте жана кайсы багыттарда учууга болорун тактап, андан соң гана ишке киришебиз.
«УЧАК ЖӨНҮНДӨ...»
– Скайрейнжер (Skyranger) учагы алгач Францияда иштелип чыккан. Учурда Украинада франциялык технологиянын негизинде аталган учактын тетиктери чыгарылып жатат. Тетиктердин бардыгы Украинадан алынды. Мындан да жакшы учактар бар, бирок капчыкка карап ушуну алдык. Учактын каркасынын баасы 8600 еврону түздү. Ал эми кыймылдаткычына Субару, БМВ, Ротекс үлгүсүндөгү авиациялык кыймылдаткычтар жана квадроциклдики да колдонулат. Булардын баасы ар түрдүү. Капчыкка карап сатып алса болот.
КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ
Кыймылдаткыч 4 цилиндрлүү жана күчү 100 аттын күчүнө барабар. Жалпысынан 450 килограммга чейинки жүктү көтөрүүгө ылайыкташкан. Саатына 14 литр күйүүчү май сарптайт. Кадимки автоунааларга куюлуучу «98» үлгүсүндөгү бензин колдонулат. Бактын көлөмү 40 литр.
СЫРТКЫ ТҮЗҮЛҮШҮ
Учактын сырткы жабдыгы шамалга туруштук бере ала турган атайын аба өткөрбөөчү полиэтилен материалынан даярдалган. Муну каркаска жаап, бышык, калың жип менен бекем тартып байлап коюшат. Учак абаны жирегенге оңой болушу үчүн жумуртка формасында жасалган.
КАНАТЫ
Канаттарынын узундугу 3 метр 85 сантиметрди түзөт. Канатын чечип жыйнап коюуга болот.
УЧАК ПАРАСЫ (ВИНТ)
Учакты алдыга жылдыруучу негизги бөлүктөрдүн бири. Бул өзүнүн айлануусу менен абаны кесип өтүп, анын басымына таянып учакты алдыга сүйрөйт.
ШАССИСИ
450 килограмм салмакты көтөрүүгө ылайыкталып жасалган. Дөңгөлөктөрү да ушул шассиге бекитилип, токтотуу системи рулга бекитилген трос аркылуу ишке ашат.
КАРКАСЫ
Учактын узундугу 5 метр 65 сантиметр. Каркасы учак белгиленген жүктү көтөрүүгө туруштук бере алгыдай, ошол эле учурда учактын өзүнүн салмагын азайтуу үчүн алюминийден даярдалган.
КАБИНАНЫН ЭШИГИ, ТЕРЕЗЕСИ
Эшиги жогору карай ачылат. Эшик менен терезеси жеңил, сынбай тургандай болушу үчүн атайын органикалык айнектен (полимерден даярдалган) жасалган.
Ылдамдыгы. Саатына 120-165 чакырым ылдамдыкта учат.
Салмагы. Учактын өзүнүн салмагы 262 килограмм. Ал эми мындан сырткары 80 килограммдык эки адамды жана 124 килограмм кошумча жүктү көтөрө алат. Эгер адамдардын салмагы жеңилирээк же оорураак болсо, анда кошумча жүктүн салмагын өзгөртүү зарыл. Себеби жүк менен учактын салмагын бирге эсептегенде, бардыгы 450 килограммга чейин гана болушу зарыл.
Учуп, конуу. Учак асманга көтөрүлүүсү үчүн узундугу 280-300 метрлик, ал эми жерге конуусуна 350-400 метрлик жер тилкеси талап кылынат. Салмагы жеңил болгондугуна байланыштуу асфальт тилкенин кажети жок. Кадимки шибер чөптө, беде өскөн аянтта деле учуп, кайра коно алат.
КЫЗЫКТУУ
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg