ИСПАНИЯЛЫК МАЧО – МАРИО КАСАС

Бул мырза чоң экранга чыгары менен көпчүлүк кино сүйүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланууга жетишти. Актёр Антонио Бандерастын орун басары атка конгон Марио Касас тике карап жылмайганда канчалаган кыздар ичинен “ох!” деп жүрөктөрү тилине түшөт.

КААДА-САЛТ, ҮРП-АДАТТАРДЫ КАТУУ КАРМАНГАН ЖАШ АКТЁР
Бүгүнкү күндө көпчүлүк жаштардын кумирине айланган «Ашыктык асманында» («Три метра над уровнем неба») тасмасындагы Ачи, өз аты Марио испан элинин кулуну. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын эң улуусу. Бир тууган инилери Оскар менен Кристиан да байкеси Мариодой актёр болууну кыялданып келишет. Ал эми карындашы Шейла теледе карьера жасоо менен алек.
Марио берген интервьюларда дайыма үй-бүлөсү биринчи орунда турарын айтат. Анын «болочоктогу жубайым мага жок дегенде үч перзент тартуулоосу, анан сөзсүз түрдө жергиликтүү галисиялыктардын каада-салт, үрп-адаттарын кармануусу керек» деп айтканы бар.
Марионун үй-бүлөсү учурда Мадридди мекендегени менен, дайыма Галисия элинин үрп-адаттары менен жашап келишет.

18 ЖАШЫНДА ИСПАНИЯНЫН СЕКС-СИМВОЛУНА АЙЛАНГАН
Бала чагында болочок актёр спорт менен машыгып, келечекте элге жардамы тийген коргоо кызматкери же өрт өчүргүч болгусу келчү. Бирок убакыт өтүп, актёрдук карьера өзү үчүн баарынан маанилүү жана кызыктуу экендигин түшүнө баштайт. 8 жашынан баштап ар түрдүү жарнамалык роликтерге тартылып, өзү үчүн жаңы дүйнөнү – актёрдук чөйрөнү ачат. Ушундан тарта камера менен иштөө ага жагып, актёрдук чеберчиликти ийне-жибине чейин өздөштүрүү максатында актриса, продюсер Кристина Ротанын актёрдук мектебинен сабак ала баштайт. Чыныгы ийгилик Мариого 2006-жылы «Коркпой кыялдануу» («Мечтать без страха») сериалына тартылгандан кийин келди. Бул сериалдан соң испан кыздарынын жүрөгүн ээлеп, Испаниянын секс-символуна айланууга жетишет. Ушул эле жылы өз кумири Антонио Бандерастын «Жайкы жамгыр» («Летний дождь») тасмасына тартылып, атактуулукка карай дагы бир чоң кадам таштаган.
«Мен үчүн бул унутулгус көз ирмемдер. 18 жашымда кумиримдин үйүндө болуп, аны менен баарлашканым, өмүрүмдөгү эң жагымдуу учур болду»,- деп эскерет Марио бул тууралуу. Ошол кезде өзү да кумир туткан адамы сыяктуу ийгиликке жетишип, жаштардын кумирине айлануусу оюна да келбесе керек.

«АШЫКТЫК АСМАНЫНДА» ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТТЫ
Испаниялык актёр Марио Касас 2010-жылы жарык көргөн «Ашыктык асманында» тасмасында Ачи аттуу жигиттин ролун жаратып, өзүн дүйнөгө тааныта алган. Марионун өз образын ийине жеткире ойной алганын тасма сатыкка чыккан биринчи күндө эле 2 миллиондон ашык евро чогултууга жетишкендиги далилдей алат. Учурда сатыкка тасманын экинчи бөлүгү «Ашыктык асманында. Мен сени каалап жатам» деген аталышта чыгып, Ачинин образындагы актёр Марио дүйнө элдеринин көңүл чордонунда.
Мындан сырткары бү­гүнкү каарманыбыз «Мээнин агуусу», «Секс, кечелер жана жалган», «7-топ», «Неондуу дене», «Кеме» тасмаларында жана Испаниянын белгилүү долбоору болгон «Ковчег» сериалында башкы ролдорду жараткан.

МАРИЯ ЭКӨӨ ЖЕКЕ ЖАШООСУНДА ДА КЫЗ-ЖИГИТ ДЕШЕТ
Жеке жашоосуна кайрылсак, алгачкы «Мээнин агуусу», «Коркпой кыялдануу» аттуу тасмалардагы өнөктөшү, актриса Амайа Саламанка менен бир топ убакыт жолугушуп жүргөн. Көп өтпөй эки жаш эки башка жолго түшкөндөн кийин актёрду «Ашыктык асманындагы» сүйүктүүсү Мария Вальверде (Баби) менен байланыштырып келишет. Актёр өзүнүн жеке жашоосу тууралуу элге жар салууну жактырбагандардын катарын толуктайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
jazka
2012-07-16 16:52:57
красавчик !
0
Akulyasha
2012-07-16 19:07:24
мачого мачо
0
axmed88
2012-07-16 19:24:45
Ой ата десе, бул мен болчум да!:))))
+1
messidinho
2012-07-18 05:16:41
психтердин ролун жакшы аткарат экен бирок :))
0
ZarinaSM
2012-07-21 14:55:04
красавец мммм люлю его!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
S_T
2012-07-23 13:39:58
krasav4ik da !!
0
Meri.91
2012-07-24 05:19:32
Обажаю его...Красааавчик!!!
0
peri411511
2012-08-26 00:09:48
прекрасная улыбка красава!!!
0
№ 506, 13-июль-19-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан