ФЕДЕРЕР КАЙРАДАН ЧЕМПИОН

Теннис

8-июлда Лондондо теннис боюнча Чоң Шлем түркүмүнө кирген 4 ири мелдештин абройлуусу Уимблдон мелдеши аяктады. Быйыл 45-ирет өтүп жаткан мелдеште башкы окуяны британиялык Энди Мюррей жаратты. Ал 76 жылдан кийин Уимблдондун финалында ойногон британиялык теннисчи болуп калды. Жеңүүчүлөргө келсек, эркектер арасында швейцариялык Рожер Федерер, айымдар арасында америкалык Серена Уильямс чемпион аталышты. Рожер финалда Энди Мюррейди утуп (6:4, 5:7, 3:6, 4:6), рейтингде 1-сапка көтөрүлсө, Уильямс польшалык Агнешка Радванскаяны жеңди. (6:1, 5:7, 6:2).
Эске салсак, Уимблдондо жана жалпы Чоң Шлем түркүмүндөгү мелдештерде айымдар жана мырзалар арасында аталган 2 чемпион алдыда. Федерердин эсебинде 17 Чоң Шлем болсо (7си Уимблдон), Серенада 14 (5и Уимблдон) жеңиш бар. Байге тууралуу айтсак, быйыл байге фонду 10 пайызга өсүп, 26 миллион долларды түзгөндүктөн, жекеликте чемпион аталган теннисчилер рекорддук көрсөткүчтө 1,8 миллион доллардан алышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 506, 13-июль-19-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан