Гимнастика
Жакында Алматы шаарында көркөм гимнастика боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасында “Достык-2012” Эл аралык мелдеши аяктады. Кубандырганы, мелдешке аттанган 5 мектептин окуучуларынын ичинен (бул 5 мектеп жыл сайын өлкөбүздүн намысын талашып келет) дээрлик куру кайткандары болгон жок. 2007-жылы туулгандар арасында Наргис Усупова үмүттү актап күмүш медаль алса, 2006-2007-жылы төрөлгөндөр арасында Далия Айтмырзаева да ушундай көрсөткүчтү кайталаган. Ал эми 15 жашка чейинки өспүрүмдөрдөн Фируза Сыдыкова өзү теңдүүлөрүн артка таштап, чемпион аталды. Спорт чеберлери арасында Ангелина Мякишева 3-орунду ээледи. Ошондой эле бул мелдеште 4 жашка чейинки балдарыбыз да тушоолорун кесишти. Кыздары сулуу гана эмес, чемпион дагы кыргыздын...