Бильярд
Жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы, КРнын Бильярд спорт федерациясынын биринчи вице-президенти жана башкы катчысы, генерал-майор Шейшенбек Байзаков кызматтан кеткенден кийин көрүнбөй калган. Жакында ал саясат эмес, спорт жаатында жаңылык жаратып чыга келди. Улуттук Бильярд спорт федерацияларынын жетекчилери арасында Алматыда өткөн Казакстандын Бильярд спорт федерациясынын Кубогуна катышып, намысты алдырган жок. КМШнын 12 өлкөсү жана Польша мамлекети катышкан мелдеште Шейшенбек Калилбекович байгелүү 3-орунду ээледи. Муну менен ал "таланттуу адамдар ар тараптан таланттуу болушат" деген кепти ырастады. Баткен окуясында мекен үчүн туруп берген генералыбыз самбо боюнча да СССРдин Спорт чебери. Бул ийгилик менен катар Каныбек Сагынбаев жеңиш кубанычын майрамдады. Ал Казакстандан “Бильярддын легендалары” аттуу Эл аралык мелдешин жеңип кайтты. Сыйлыгыңыздар кут болсун!