2-июль – Спорт журналисттеринин эл аралык күнүн кыргыз спорт журналисттери да майрамдашты. Салтка айлангандай, майрамды уюштурууну КРнын Спорт журналисттер федерациясы колго алды. Жыл сайын журналисттер табият коюнунда кой жеп, футбол ойноп таймашып чардап келишчү. Быйыл майрам бир аз башкача форматта өтүп, калемгер-спортчулар "Космопарк" оюн-зоок борборуна чогулушту. 30га чукул журналисттин башын бириктирген кечени аталган федерациянын президенти Улукбек Салымбеков ачып, АИПСтин президенти Жанни Мерлонун саламын айтты. Ошондой эле күндүн каармандарын куттуктап, Кыргызстанда спорт гүлдөп-өнүксүн деген тилегин билдирди. Ак дасторкон үстүндө устукан тартылып, жакшы каалоо-тилектер айтылды. Журналисттер “жирно” отурушуп, Спорт журналисттер федерациясы менен КРнын Дене тарбия жана спорт агенттигинин белектерине ээ болушту.
Кеченин кульминациясы боулинг боюнча мелдеш болду. Кызуу таймаш жараткан оюндун жыйынтыгында журналист Кудрет Тайчабаров жеңүүчү аталса, 2-орун ага саал жете бербей калган КТРКнын спорт баяндамачысы Кубан Атабековго буюрду. Ал эми 3-орунга боулинг төшөлмөсүнө биринчи жолу чыкканына карабай “Супер-Инфонун” спорт бөлүмүнүн шеф-редактору Базарбек Абдураимов илинди.