27-июлда Лондондо мааракелик 30-Жайкы Олимпиада оюндары башталат. Буга өлкөбүздөн 9 спорт түрүнөн 13 спортчу аттанат. Көпчүлүк балбандарга ишенүүдө. Олимпиаданын тегерегинде ой толгоп, олимпиадачыларыбыз менен тааныштырып баштайбыз. Алгачкы коноктор – балбандарыбыз.
"ЛОНДОН-2012"
Катыша турган өлкөлөрдүн саны – 205
Спортчулардын саны – 12 500
Спорт түрлөрү – 31
Ойнотулуучу медалдардын саны – 302 комплект
Өтүүчү даталар – 27-июль-12-август
Расмий гимни – “Survival” (англиялык “Muse” тобу аткарат)
МЕДАЛЬ КҮТПӨГҮЛӨ!
Мамлекет башындагылардан тарта калың элдин да спортчуларыбыздан күткөнү – медаль. Бирок башка өлкөлөрдөй шарт түзүп бербей туруп кантип медаль күтүп жатабыз? Мисалы, балбандар ишенимге ээ болушканы менен, мыкты шарт жана даярдык жагынан аксашат. "Жемиш алуу үчүн жемиш үрөнү керек" дейт. Жетиштүү үрөн жок, бул жолу куру үмүткө байланып, Кудайга жалынбайлы, туугандар! Башкалардын деле Кудайы бар, шарты да, даярдыгы да бар.
Сөз жок, "Бээжин-2008де" Ийгилик Кудайы жылмайып берген. Чет элдиктер менен Олимпиада тууралуу сүйлөшүүдөн жалтанып, басына баштадык. Олимпиадага катышкандардын саны жыл санап суюлууда. "Сидней-2000" Олимпиадасына 48 спортчу, "Афины-2004кө" 29 өкүл, "Бээжин-2008ге" 21 спортчу барган. Быйыл араң 13... Бул Олимпиадасыз жашоого алып келиши мүмкүн. Кантип айла табабыз? Бирок, такыр эле үмүттү үзүп салбообуз керек. Анткени, спорттун кудайы мезгили келгенде эмне дейт, белгисиз...
“БААРЫНА МАШЫКТЫРУУЧУЛАРДЫН АЗАЙЫШЫ СЕБЕП”
Олимпиадачылардын азайышы тууралуу “Олимпиадачылар” ассоциациясынын жетекчиси Шаршен Касенов төмөнкүлөрдү айтат:
– Негизи, "Лондон-2012" оор болот. Спортчуларыбыз оор тандап алуу оюндарынан иргелип алынды. Андыктан эл аралык мелдештерде мыкты күрөшүп жаткан балбандарга гана ишеним артам. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, балбан Магомед Мусаевди Орусиянын командасы менен сборго жибердик. Эми Орусиядан машыктыруучуларды чакырып, биздин команда менен иштөөсүнө шарт түзүп беребиз. Ал эми Олимпиадага аттангандардын саны азайганы башка маселе. Мурун спортчуларыбызды СССР кезинде иштеген тажрыйбалуу машыктыруучулар машыктырчу. Мезгил өтүп, алар машыктыруучулукту таштаган соң мунун баары өзүбүздүн колдо калды. Бул жакшылыкка алып келбейт. Спортчуларды сактап калууга тийишпиз.
АЛТЫН АЛСАҢ, 200 МИҢ ДОЛЛАР
10-июлда "Лондон-2012ге" спортчуларды камсыздоо боюнча уюштуруу комитетинин отурумунда байгелүү орун ээлеген олимпиадачыларды кандай акчалай сыйлык күтөрү белгилүү болду. Олимпиадада чемпион болгон спортчу 200 миң АКШ долларын алат. Калган орундарга бөлүнгөн суммалар менен төмөндөн таанышып алыңыздар.
2-орун – 150 миң АКШ доллары
3-орун – 100 миң
4-орун – 35 миң
5-орун – 30 миң
6-орун – 25 миң
7-орун – 20 миң
8-орун – 15 миң
Ал эми машыктыруучунун акчалай сыйлыгы шакиртинин ээлеген орунуна байланыштуу. Башкы машыктыруучу шакирти алган сумманын 70 пайыздык өлчөмүндөй, ал эми жеке машыктыруучу 50 пайыздык өлчөмүндөй сыйлык алат.
ДАНИЯР КӨБӨНОВ, грек-рим күрөшү
КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери, Эл аралык класстагы спорт чебери
Туулганы жылы – 1982-жыл, 8-сентябрь
Туулган жери– Жети-Өгүз району, Саруу айылы
Бою – 175 см, салмагы – 74 кг
Буга чейин "Афины-2004" Олимпиадасына катышкан
Жетишкендиктери – “Гуанчжоу-2010” Азия оюндарынын чемпиону, Дүйнө чемпиондугунда 3-орун (Москва, 2010)
АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА, кыз-келиндер күрөшү
КРнын Спорт чебери
Туулган жылы – 1993-жыл, 4-май
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Майлы-Сай шаары
Бою – 165 см, салмагы – 63 кг
Буга чейин бир да Олимпиадага катышкан эмес
Жетишкендиктери – Жаштар жана өспүрүмдөр арасында КРнын 2 жолку чемпиону (2010, 2012), Азия чемпиондугунда 3-орун (2010)
МАГОМЕД МУСАЕВ, эркин күрөш
КРнын Спорт чебери
Туулган жылы – 1989-жыл
Туулган жери – Казакстан
Бою – 178 см, салмагы – 94 кг
Буга чейин бир да Олимпиадага катышкан эмес
Жетишкендиктери – Рамзан Кадыровдун Эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2011, Орусия), Азия чемпиону (2012, Корея)
АРСЕН ЭРАЛИЕВ, грек-рим күрөшү
Эл аралык класстагы спорт чебери
Туулган жылы – 1987-жыл, 15-май
Туулган жери – Талас облусу, Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы
Бою – 168 см, салмагы – 55 кг
Буга чейин бир да Олимпиадага катышкан эмес
Жетишкендиктери – Азия чемпиону (2011, Ташкент) жана Польша Гран-Присинин жеңүүчүсү (2011)