Кыргызстанга корей, кытай ашканалары ачылгандан тарта иттин этин жегендердин саны көбөйгөнү белгилүү. Көпчүлүгү дарылык касиети күчтүү деп жегендерин укчумун. Өзгөчө корей, кытай ашканаларында эң баалуу тамактардын бири болуп саналат. Мына ушундан улам “Иттин эти чын эле пайдалуубу? Кандай иттерди союп тамак жасашат жана бул мыйзамдуубу?” деген суроолорго жооп издеп көрүүнү туура көрдүм.
ЖӨН ДЕЛЕ ЖЕГЕНДЕР КӨП
Дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болбосун, “Жаныбарларды коргоо” фонду иттин этин тамак-ашка колдонууга каршы билдирүүлөрдү таратып келишет. Алар Корея, Кытай жана Американын айрым өлкөлөрүндөгү менюсунда ит этинен жасалган тамактары бар кафе, ресторандарды жабууну сунушташкан. Мына ушунун натыйжасында 1988-жылы Кореяда, Кытайда 2008-жылы итти союуга тыюу салынганы маалым. Бирок элде этинин дарылык касиети күчтүү деп саналгандыктан, иттин даамын татып калгандар оорубаган учурда деле курсактарын тойгузуп келишүүдө.
“ЧИНОВНИКТЕР ДА КЕЛИП ЖЕШЕТ”
Бишкектеги айрым корей, кытай ашканаларынын менюсунан кя-хе (маринаддалган же куурулган иттин эти) жана посинтхан (жаш иттин этинен даярдалган шорпо) тамактарын кездештирүүгө болорун угуп, кытай ашканаларынын бирине бардым. Алгач Чыгыш-5 кичирайонунда жайгашкан корей ашканасына кирдим.
– Чоң кыз, мага кя-хе бересизби?
– Жок.
– Иттин этинен жасалган андан башка тамактарыңыздар барбы?
– Жок, биз иттин этинен такыр тамак жасабайбыз,- деп жылмайып койду.
Иттин этин саткан ашканаларды тамак-ашка көзөмөл жүргүзүүчү органдар текшерип акча өндүрүшкөндүктөн, алар ишенимдүү кардарларына гана бул тамакты алып келишерин угуп калчумун. Мына ушундан улам тааныш эмес кардар болгондуктан, баш тартып коюшту окшойт. Бул ашканадан чыгып, дагы бир топ ашканаларды кыдырдым, бирок жыйынтык болгон жок.
Эми кайдан табам деп турганда Б.Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан корей ашканаларынын биринин дарегин жана телефон номерин интернеттен таап алдым. Алгач телефон аркылуу байланышып, кя-хе тамагы бар экенин билдим. Андан соң аталган жайга барып, атын атагысы келбеген кызматкери менен чакан маек курууга үлгүрдүм.
– Сизге мени кызыктырган биринчи суроом, иттин этин кайдан аласыздар?
– Бизге иттерди таза багып, семиртип, анан алып келишет. Көчөдө бош жүргөн иттерди тамак-ашка колдонбойбуз. Аларда ар кандай жугуштуу оорулар болушу мүмкүн. Ошондуктан биз ишеничтүү адамдарыбыздан гана сатып алабыз.
– Канча сомдон сатып аласыздар?
– Бул эми коммерциялык сыр. Андыктан ачык айта албайм.
– Кя-хенин баасы канча?
– Бир порциясы 140 сом турат.
– Даамы кандай болот?
– Этинде иттин өзүнө тиешелүү жыт болот. Бирок бир-эки жегенден кийин ал билинбей деле калат. Кээ бири иттин этин катуу кайнатып жегенде самын даамданат экен деши мүмкүн. Чындыгында, ошондой (айта кетсек, иттин майынан самын да даярдалат). Майда бөлүктөргө бөлүп, 20-25 мүнөт жай отто кайнатуу керек.
– Кайсы улуттун өкүлдөрү көбүрөөк келип тамактанышат?
– Иттин этинен жасалган тамактарды көпчүлүгү дарылык үчүн жешсе, кээ бири жеп көргөндөрдүн айтканынан улам кызыгып келип жешет. Негизинен, биздин ашканага келгендердин көпчүлүгү корей улутундагылар. Корейлер негизги тамак катары колдонушса, башка улуттагылар астма жана өпкө ооруларынан, өзгөчө кургак учуктан айыгуу үчүн жешет. Алардын арасында кыргыз, орус, өзбек жана башка улуттун өкүлдөрү да бар. Мындан сырткары чиновниктер да дарылык үчүн заказ кылышат. Бирок алардын бир жаман жери, жеп алышат да, рахмат дегендин ордуна кийинки күнү текшерүү жүргүзүшүп, кынтык тапканга аракет кылып тажатышат. Ошондой эле иттин этин саткандарга каршы чыккандар да жок эмес. Алсак, породалык иттерин жоготуп жиберген адамдар корей ашкана ээлерин кылмыш жазасына тартууга аракет кылышкан учурлар да болгон.
ИТТИН ЭТИНИН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ БАРБЫ?
Медицина эмне дейт?
Ушундай суроолорго жооп издеп Бишкек шаардык кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасынын башкы дарыгери Кубанычбек Айдаралиевге кайрылдык:
– Эч кандай дарылык касиетке ээ эмес. Иттин этин кургак учукка жана башка ооруларга дарылык катары жеп жаткандар жаңылышат. Кургак учукту бир гана дарынын күчү менен дарылоого болот. Ал эми дарылануудан кийин ден соолукту бекемдеш үчүн күчтүү тамактануу керек. Күчтүү азыктарга эт кирет. Мына ушул учурда койдун, уйдун же ошол иттин этин жесе болот.
Исламда эмне дейт?
Кыргызстан муфтиятынын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев:
– Биринчиден, шариятта иттин эти арам болуп саналат. Экинчиден, “арам нерсе ооруга шыпаа болбойт” деп жазылган. Ал эми айрым адамдар “дарылык касиети бар, кургак учук ооруларынан айыктырат” деп колдонуп жүрүшөт. Бул туура эмес. Себеби медицина тармагынын адистери изилдешип, иттин этинин эч кандай дарылык касиети жок экенин билдиришкен. Тескерисинче, иттин эти оорунун белгилерин сыртка чыгарбай, билгизбейт экен. Мына ушундан улам оорулууга диагноз коюу кыйын болуп калат, оору болсо өтүшө берет. Бул “иттин эти ооруну жашырат” дегендик да.
Мыйзам боюнча, коомдук тамактануу жайлары иттин этинен тамак даярдай алабы?
Мамлекеттик санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын тамак-аш боюнча бөлүм башчысы Алтын Ураимова:
– Корей ашканалары бардык коомдук тамактануучу жайларды текшерүүдөн өткөргөндөй эле бир жылда бир ирет текшерилет. Эгер санитардык талаптарга жооп бербей, кемчиликтери көп болсо, жылына 4 ирет текшерүүгө алабыз. Эми иттин этинен жасалган тамактар корей элинин улуттук тамагы болгондуктан, аларга эч кандай тыюу салынбайт. Эгер ошол иттин этинен жасалган тамакты жеп ууланган адамдын арызынын негизинде гана ашкана ээлерине карата чара колдонулат.
Ал эми эл арасындачы?
Жогоруда айтып өткөнүбүздөй, эл арасында “иттин эти ооруга миңдин бири” деп айтылып келет. Жаш балдар жөтөл менен ооруп калганда иттин майын сыйпаса, жакшы таасир берери айтылат. Ошондой эле Орусиянын айрым өрт өчүрүүчү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери дайыма түтүндө жүрүп дем алуу органдары жабыркагандыктан, иттин шорпосун бүгүнкү күнгө чейин колдонуп келишет экен. Кытайда тамак-ашка колдонуу үчүн иттерди көбөйтүп баккан фермалар да бар. Алар атайын эт багытында 3 айдан 12 айга чейин багышат. Мына ушул убакта иттин эти даамдуу болорун айтышат кытайлар. Иттин этин салттуу тамак-аш катары Кытайдан башка Тайвань, Филиппин, Вьетнам, Лаос, Камбоджа, Таиланд өңдүү өлкөлөрдө колдонушат. Ал эми Корея ит жегичтердин мекени экени жалпыга белгилүү. Корейлердин ашканасында иттин этинен 350дөн ашык тамактын түрү жасалат.
ИТТИ КАНТИП СОЮШАТ?
Алынып келинген итти кадимки мал сойгондой мууздашат. Айрымдары колу-бутун байлап тыбырчылатып отурбай, алгач муунтуп өлтүрүшөт да, мууздап, каны агып бүткөнчө башын ылдый жерге каратып асып коюшат. Андан кийин кээ бирлери терисин сыйрып союшса, кээ бирлери койду куйкалагандай эле куйкалап, анан союшат. Жиликтөө иши койдукуна окшош жол менен жүргүзүлөт.
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg