Балдар, биз сейил бактарга барганда каруселге түшөт эмеспизби. Кызыгы, ал мурун балдардын оюну эмес, жоокерлердин таймашы болгон экен. 12-кылымда испан тилинде бул оюнду «carosella» деп атап коюшкан. Өйдө жагына алтын шакектерди тизип, аны кылыч менен чаап түшүрүү үчүн аттарды айланта жүгүртүп таймаш өткөрүшкөн. Акыркы айлампада эң күчтүү ат жана жоокер калгыча тегерене беришкен.
Чыныгы каруселдин туулган күнү 1871-жыл, 25-июль болуп эсептелинет. Ушул күнү еврей бизнесмени Уильям Шнайдер каруселге өзүнүн патентин алган. Тегерек айлампанын үстүнө жасалма аттарды коюп, андан жагымдуу музыка чыгарып, акча табууну биринчи ушул адам ойлоп тапкан. Азыр болсо сейил бактарды каруселсиз элестете албайбыз. Баса, каруселди мурун аттар гана тегеретсе, азыр ар түрдүү жаныбарлар тегеретишет.