АР УЛУТТАГЫ БАЛДАР БИР ТУУГАНДАЙ БОЛУП КАЛЫШАТ
Кээ бир балдар үйүнөн көрбөгөн буюмду ушул жерге келгенде көрүп, мыкты делген тарбиячылардын колунда. Башкалардай билим алып, жашоого болгон көз караштарын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошентсе да бала деген бала да, кандай болгон күндө да баары бир аларга ата-эненин мээрими жетишпей тургандыгын жалжылдаган көздөрүнөн байкоого болот. Бирөөсүнүн ата-энеси каза болуп калса, экинчиси өгөйлөнүп, тууганынын үйүнө батпаган, дагы бирин таштап кетсе, башкасы жетишпеген турмуштан улам бул жерде.
Балдар үйүнөн ар улуттагы бөбөктөрдү кезиктирүүгө болот. Кыргыз, орус, дунган жана башка улуттагы балдар бир туугандай чоңоюшат. Мектеп жашына жеткенде билимди ушул эле айылда жайгашкан кыргыз жана орус мектептерден алышат. Мектеп менен балдар үйүнүн аралыгы жакын.
ҮЗҮЛБӨГӨН ҮМҮТ
Балдар үйүнө тиешелүү 2 гектар жерди эски дубал ээлеп жатканына бир топ жылдын жүзү болду. Ал дубалды буздуруп, спорт аянтчасын салууга балдар үйүнүн жетекчилери аракет кылышкандары менен, жыйынтык чыкпай келет. Бош жер керексиз жатканча, машыгууга шарт түзүлсө, балдарга бир топ эле жакшы нерсе болору айтпаса да белгилүү. Мүмкүн, аткаминерлер алгылыктуу иш жасап, бул балдар үйүнө спорт аянтчасын куруп беришер деген тилектебиз.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg