Жай мезгилинде коон кичинелер менен кошо чоңдордун да сүйүп жеген даамдуу азыгы. Адам коонду жеп суусунун кандырып, курсагын тойгузуп гана тим болбостон, ден соолугуна пайда алып келип, жашарып да жатканын унутпоосу керек. Эмесе, коондун сан түркүн касиеттери...
Коондун мекени – Орто жана Кичи Азия. Европада Рим империясы кезинен тарта колдонушат. Учурда Түштүк Европада, Азияда, Түндүк Америкада (АКШ), Индияда, Африкада, Иранда, Ооганстанда жана башка климаты жылуу аймактарда өстүрүлөт. Эң көп сорттору Орто Азияда. Коонду Батыш Европага эң көп экспорттоочу өлкөлөргө Кытай, Иран, Египет кирет.
АДАМДЫ ЖАШАРТЫП, БЕЛ КУБАТТЫ КӨТӨРӨТ
Коондун курамында кант, крахмал, белок, пектин, органикалык кислоталар, кремний, витаминдерден C, PP жана башкалар бар. Калийдин жана темирдин тузу да болгондуктан, аз кандуулук, боор, бөйрөк, кызыл жүгүрүк, жүрөк-кан тамыр ооруларын айыктырууда жана нерв системин бекемдөөдө колдонулат. Курамындагы кремний терини жашартып, ичегилердин иштөөсүн (ич катуудан арылтат) жакшыртат. Клетчатка организмден холестериндерди чыгарып, оорулардын жаралышына бөгөт коёт. Коон жашартуучу да касиетке ээ. Бекеринен “коон чачты жылтыратып, көздү нурдантып, каалоону күчтөнтөт (бел кубатты көтөрүп)” деп айтылып калган эмес.
Эскертүү: Коонду тамак жегенден 2-3 сааттан соң жесе, денеге толук сиңип, көбүрөөк пайда алып келет. Ашыкча жеп алуу ичегилердин иштөөсүн бузат. Кант диабети жана ашказан, он эки эли ичегинин жарасынан азап тарткандарга 1-2 тилимден ашык жегенге болбойт!
КЫЗЫКТУУ
КООН АЗЫКТАРЫ ДАСТОРКОНДО
Коондон кыям, жем, мармелад, повидло, компот, цукат (кабыгынан даярдалат), коон кактарды жасашат.
КЫЯМ
Керектүүлөр:
Коон – 2 килограмм
Суу – 1 литр
Кумшекер – 2 килограмм 350 грамм
Ванилин – 1 чай кашык
Лимон кислотасы – 0,5 чай кашык
Жасоо ыкмасы:
Коон кесилип, чарчы түрүндө чоңураак тууралат. Тууралгандар кайнаган сууга 4-5 мүнөт салынып, анан муздак сууда муздатылат. Бул кезде кумшекерге сууну кошуп кайнатып, сироп даярдап алабыз. Эми сиропко тууралган коондорду салып, 4 саат коёбуз. Анан жай отто 10 мүнөт кайнатып, бөлмө температурасында муздатабыз. Кайрадан отко кыям даяр болгуча коюп, оттон чыгардан 3 мүнөт мурун ванилин менен лимон кислотасын кошуп коюу кажет. Кыям даяр банкаларга куюлуп, оозу жабылат.
Кышкыга даамдуу кыям ар дасторкондо болсо, кандай сонун!
КООН КАК
Коонду кабыгы менен уругунан тазалап, ичке тилимдерге тилип, көлөкө жерге илип 8-10 күндөй кургатуу керек. Кургагандарын 3төн бириктирип өрүп сактап койсоңуз, даамдуу азык сизге кызмат кылууга даяр.
КООН СУУСУНДУГУ
Керектүүлөр:
Коон – 300 грамм
Кумшекер – 150 грамм
Лимон кислотасы – 3 чымчым
Ак шарап – 50 грамм
Суу – 650 грамм
Жасоо ыкмасы:
Кайнак сууга кумшекерди жана лимон кислотасын салып эритип, анан кайрадан кайнатып алуу кажет. Анан сиропту муздатып, ага майда чарчы тууралган коон кесимдерин салып, 30-40 мүнөт бөлмө температурасында кармоо зарыл. Суусундук ичүүгө даяр.
СУЛУУЛУГУҢУЗДУ САКТАҢЫЗ!
Чач үчүн лосьон. Коонду эзип, ширесин дакиден өткөрүп алуу кажет. Ширени чачка толук сүртүп, 20-30 мүнөттөн кийин шампунь менен жууп салуу кажет. Лосьонду аптасына 2 ирет колдонуп турса, чач жылтырап өңүнө чыгып, жумшак болуп калат.
Кургак бет үчүн сүт (молочко). Коондун ширеси канча өлчөмдө болсо, ошончо өлчөмдө сүт жана минералдык суу кошулат. Бул каражат бетти агартып, анча-мынча такты кетирип, терини серпилгич кылат.
Бардык беттер үчүн маска. Бул маска түрү бет терисин азыктандырып, жашартып, сергитет. Коон боткосун бетке 10-15 мүнөт жабуу зарыл. Айта кетчү нерсе, коондун кабыгында витаминдер көп. Андыктан аны ич жагынан бетке 10-15 мүнөт жаап маска жасаса да өтө жакшы.
Майлуу беттер үчүн маска. 1 аш кашык коондун боткосуна 1 жумуртканын агын кошуп, чалып алабыз. Бетке 15-20 мүнөт коюлган соң жуулуп салынат.
Жогорудагы каражаттардын кайсынысы болбосун моюн терисине да колдонсо, моюн терисин жашартып, мурдагы сулуулугун кайтарып алган болосуз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg