ЭлТРдин башкы директору Шайырбек Абдрахман уулу: «САЯСАТ МЕНЕН ООРУГАН ИНСАН ЭМЕСМИН»

– Балдар, кайсы баатырды тааныйсыңар?
– Бэтмен, Человек-паук! Бул бүгүнкү каарманыбыздын “Добуш” программасынын бир чыгарылышында айтылган сөз болчу. Ооба, Шайырбек Абдрахман уулу дегенде “оу, кайран кыргыз, ээ, энөө кыргыз” деп күйүп-бышып сүйлөп, өзүнүн программасы аркылуу элдин турмушун чагылдырган алпаруучу тартылат...

Туулган жери – Аксы району, Кара-Жыгач айылы
Туулган жылы – 1976-жыл, 27-сентябрь
Билими – КУУ, филология факультети

МЕНИН...

Кубанганым – Тирүүлүк
Кайгырганым – Тиричилик
Таң калганым – Кудайдын керемети, табийгат
Коркконум – Кудай
Шүгүр кылганым – Ар бир өткөн күн

Балалык сезимдерим
Классташтарым мага караганда алда канча эртерээк жетилишиптир, кийин билсем. 8-класста эле отуруштарды уюштуруп, кыз-кыркынга кат жазып калышкан экен. А мен ал учурда балык кармаганды, айбанаттарга капкан койгонду, короз уруштурмай, эки баланын мушташканын сөз кылып жүрө бериптирмин.

– Шайырбек мырза, сизди “Добуш” көрсөтүүсү элге таанытты окшойт, ага чейин кайда иштедиңиз эле?
– Мени телечөйрөсүнө алып келген “Шок-факт” көрсөтүүсү болду. Жалаң милициянын турмушун, жүрөктүн үшүн алып, үрөй учурган окуяларды чагылдырган ыкчам съёмкаларды жасоо менен ишке аралаштым. Аралашканда да түз эле кайнаган казанга түштүм десем болот. Рация, телефонду тыңшап эле отурчубуз, “ким каякка чакырат?” деп. Түнкү 3тө чакыруу болуп калса деле туруп алып кете бермей. Кыял-жоругум ошого бап келип, анын үстүнө бир орунда тура албаган, урунарга тоо, урушарга жоо таппай жүргөн учурум эле. Ошентип, 5 жылдай тажрыйба топтоп, телеканалдын турмушун түшүнүп калган маалда сен айтып жаткан “Добуш” программасын ачууга жетиштим. Бала чактан бери көкүрөккө түйүп келаткан дымактын баары ошол “Добуш” менен сыртка чыкты.

– ЭлТРге директор болуп калышыңыз да өзүнчө кеп...
– Ооба. Бул 2010-жылдагы революцияга байланыштуу болгон. ЭлТРге жөн эле эшиктен “ассалоом алейкум” деп кирип отуруп алган жокмун. КТРКда бир топ жыл тажрыйба топтоп, бир катар жооптуу кызматтарда иштеп келип, анан ушул кызматка дайындалдым. Катардагы кызматкер менен жетекчинин айырмасы да ат менен төөдөй экен. Жетекчи болгондон кийин көп нерсе башкача көрүнүп, башкача ой жүгүртүп, “өлүп көрүптүрмүнбү...” дегендей, албетте, бир катар тоскоолдуктар менен күрөшүүгө туура келет. Кудайга шүгүр, анын баарын жеңдик. Жамааттын, пикирлеш адамдардын жардамы менен телеканалды алдыга жылдыруу аракетиндебиз.

– Телеканалдын “шефи” өзү кайсы каналдарды көрөт үйдө?
– Менин эң чоң артыкчылыгым да, кемчилигим да – сыналгыны өтө көп көргөнүм. Айрыкча жаңы кино, даректүү фильмдерди калтырбайм. Дүйнөлүк телеканалдар да менин көз алдымда. Ал тургай жакшы мультфильм чыкса, астейдил көрүп чыгам. Сыналгыдан көрө албай калгандарымды атайын дискин сатып алып көрөм.

– Үй-бүлөлүк саясат кандай нукта баратат?
– Кудайга шүгүр. Келинчегим – Акак, Чүйдүн кызы. Кесиби – экономист. 2 уул, 1 кызыбыз бар. Улуу балам – Темучин, экинчим – Эмир. Кызымдын аты – Аян. Баш кошконубузга быйыл 10 жыл толду.

– Интернет заманы, сиздин балдарыңыз деле компьютерге шашып калышты да же бир чарасы барбы сизде?
– Чынында, ушул нерсе кууратты. Балдар үйдө орусча сүйлөгөнгө өтө баштады. Азыр мультфильм, кинолордун көбү орусча, мени менен тең жарыша көрүшөт. Кичинесинде бир аз “Манас” айтып калышчу эле, кийин мультфильмден чыга албай калышты. Кээде залимдик кылып, манасчылардын дискин коюп угузуп калам. Илгери жакшы-жакшы жомок китептер чыкчу. Азыр эми “космостон алып жаздым, аян берди, арбактар айтып берип жаздырды” деген жазгычтар чыгып жатат. Аларды окуган бала кандай таасир алышы мүмкүн? Балдар өз алдынча болгуча “Манастан”, комуздан, кыргыздын жакшы ыр-күүлөрүнөн курутпайын деп аракет кылып келем.

– Жеңебиз сиздин жумушуңузду кандай кабыл алат? Үйгө кеч барып же барбай калган күндүн эртеси сөз жакшы эле башталабы?
– Башында түшүнө алчу эмес. Албетте, кеч барган күндөрү таарынычтар, түшүнбөстүктөр бизде деле болот. Бирок мен өз учурунда түшүндүрүп берүүгө жетише алдым го дейм. Азыр түшүнөт, “бул ушундай, муну менен ушинтип жашайбыз” деп күлүп калат. Өмүрүмдү чыгармачылыкка арнагандан чарчабайм. Келинчегимдин жанында болуп, аны менен сүйлөшүп отурган, албетте, жакшы, бирок мен чоң масштабдагы коомдук иш-чаралардан рахат алам.

– Чырга себепчи болгон “сен неге минттиң?” деген сөз кимден көп чыгат?
– Үйдө өйтө-төмөн сөздөр дээрлик болбойт. Бизде конфликтти жок кылган нерсе – намаз жана пайгамбарыбыздын хадистери. Бултуюп-тултуйгандын ордуна “кел, таарынышпай жашайлы, Куранда мындай айтылган, андыктан үйдөн берекени кетирбеш керек” деп келишпестикти оңой эле токтотуп калабыз. Биздин чоң утушубуз ушул.
Чынында, бизде кыпкыргызча эле жашоо. Айрымдардай болуп бири-бирибизди атайын бир нерсеге салыштырып эркелетүү деген жок. Азыр жакшы бир сөз үйрөнүп алгам, “рахмат, бейишке чык” деген. Тамак үстүндө ошону айтып калам, “тамагың жакшы болуптур” дегенге кошуп. “Тамак начар жасалып калса кантесиң?” деп калат өзү, андайда айтам, “эртерээк бейишке чык” деп. Албетте, тамаша.

– Намаз деп калдыңыз, үйдө ким намаз окуйт?
– Мен окуйм, ажылык зыяратка да барып келгенмин. Келинчегим азырынча үйрөнүп жатат. Кудай буюрган күнү окуп калат ал дагы.

– Ажыга барып келгендердин көбүнүн имиджи өзгөрө түшчү эле, сакал-мурут өстүрүп дегендей... Сизде байкалбайт да?
“Ар ким өзүнүн дареметине жараша диндин мыйзамдарын аткарсын” дейт. Мен өз дареметиме жараша аткарып жатам. “Мындай кылыш керек, тигиндей кылып жиберели” деп ортого чыгып жар салгандан алысмын. Өзүмдүн үй-бүлөмө күч-кубатым жетүүдө. Тууган-урукка, дос-жарга, айланамдагы жакындарыма жана мени менен тааныш болгон адамдарга мусулман адамдын жашоо образын көрсөтүп, ошондой жашоого үндөп келем. Андан ашыгын кийинчерээк жасашым мүмкүн.

– Бизге Оштон бир жазуучудан кат келген эле, анда сизди ушактап, каралаган бир кызматкериңиз тууралуу айтылат...
– Мен деле уккам, “бир адам жамандап, тигиндей-мындай деген кеп чыгарыптыр” деп. Кудайга койдум аны. Мен бирөөгө жамандык каалабайм. “Кудай ошол кишиге ыйман берсин, ниетине жакшы пикир салсын” дегенден башка жообум жок. Ошондой нерселерге деле алдырып, муштум түйө берсең, анда эмнең калат? Мен эмне болуп калыпмын? Көлдөн чыккан Кыдыр аке деген болгон. Ошол киши “бир этимди көргөн катыныма, бир бетимди көргөн жакыныма жакпадым. Болбосо, элдин баары Кыке, Кыке деп турушат” деген экен. Ошол сыяктуу эле кеп да.

– ЭлТРдин сизден мурунку директору Нурлан Шакиев менен мамилеңиздер кандай? Кантсе да бир айылдан эмессиздерби.
– Ак деп айтыш да, көк деп айтыш да кыйын. Нурлан экөөбүздүн жаман деле мамилебиз жок. Жолугушуп калсак, саламым түз. Албетте, Нурланда адамдык мыкты сапаттар бар. Эми бешене деген ушу да, бирөө келет, бирөө кетет. Мага чейинки ЭлТРдин бардык жетекчилеринин жасап кеткен жакшы иштерин баалай алганга эрким жетет.

– Чөнтөктөн ширеңке издеп калмайыңыз барбы?
– Жок, чылым тартпайм, кептин чыны, таштап койгом. Мурун тартчумун.

– Канча жыл тартып жүрдүңүз?
– Ата-энем окуп калса, жылмаят го эми. Баш-аягы 10 жылга жакын тарттым, чынын айтайын. Чылымдын ордун азыр балык ууламай деген нерсе алмаштырган. Мүмкүнчүлүк болгондо балык кармоого барам.

– Кыз-келиндерге жакынсызбы?
(Күлүп) Эми “кандай мааниде?” деген суроо беришим керек да сага. Менде мындай өөдүк-сөөдүк, ары-бери басмай деген нерсе жок. Ал эми адамгерчилик жагынан алып караганда бардык эле адамдар менен жакын болгонго, тил табышып, кеңешимди айтып же анын кеңешин укканга жакшымын. Анан өйдө-ылдый басып кетүү мага табияттан эле жат нерсе.

– Саясатка кызыгасызбы?
– Албетте.

– Демек, келечекте сизди саясатчы катары көрүп калышыбыз мүмкүн экен да?
“Кудайдын күлкүсүн келтиргиң келсе, эртеңки планың менен бөлүш” деп коёт. Саясатка аралашкым келип, аны менен ооруган инсан эмесмин. Саясатчы болууга тырышып, умтулбайм деле. Бирок сөзсүз түрдө саясий ар бир окуяга баа берем. Эгер окуяга өзүм аралашпай калсам, анда жок эле дегенде үч-төрт маалымат булагынан маалымат алам. Анан көшөгө артындагы саясий жүрүштөр менен салыштырам да, “бул эмне үчүн бул жакка кетти, тигил эмне үчүн мындай кадамга барды?” деп саресеп салып, чечим чыгарам. Бул – менин окуяга карата ак же көк деген позициям.

– Маегиңизге рахмат, ишиңиз илгерилей берсин!

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
antivir
2012-07-16 12:04:51
во!
0
elvira.n.89
2012-07-16 21:12:33
Суроолорго адаттагыдай эле соонун жооп бериптир... +1000000
Балдарынын аттары элде жок аттар экен.
Мага "Бейишке чык"-деген созу жагып калды.Уйронуп алайын кереги тийет. ))
0
bobi
2012-07-18 11:06:17
Альхамдуллах!Намазыныз кабыл болсун.Озу ЭЛТР каналында иштегендердин копчулугу намаз окушат,байкашымча.Дин жонундо беруулорду коп берет.А уйдо дин болсо,ушундай бактылуу болушат.Берекелуу,ырыскылуу болушат.Иншаллах!
0
Kg_boy3239
2012-07-18 15:07:17
мага ЭлТР жагат!!!дайым кором!!!!!бирок сайты жок болтатда же почтасы??????же барбы ким билет.....
0
nelli
2012-07-20 18:16:01
берген интервьюсу аябай жакты. Ишине ийгилик.
0
mr.maks
2012-07-20 19:13:23
Kg_boy3239, эмне учун ЭлТРдин сайты же почтасы жок дейсиз? Азыр интернет онуккон заман, алдын изденуу керек. Туура ЭлТР телеканалы азырынча сайт ача элек, бирок почтасы бар. (oshask@mail.ru) Шайырбек байкеге данк! Аллах ыраазы болсун! Намазыныз кабыл болсун! Ал эми Супер инфонун форумчуларына айтаарым: Рамазан айыныздар маарек болсун! Аллахым кармаган орозонуздары, окуган намазыныздарды кабыл кылсын!!! Амиииин!!!
0
prezent
2012-11-01 22:30:20
Шайыр мырза озун патриот сезет! бирок,кун карама адам!элдик болдук дегени менен падышаны угат.элдик эмес,бул канал!айланасында озунун адамдары.Бекешов,Абдырахманов,(султан)ж.б.супер инфо очурбогуло!!!бул катты.болбогон жомокторду жооруп дуро бериниз Шаке акетай.
0
maks88
2013-11-04 11:08:23
Шайырбек мырзага Аллах ыраазы болсун, жонокой, так жооп бериптио, бул киши озу табиятынан жонокой инсан, мага "Рахмат, бейишке чык" деген созу жакты.Ишинизге ийгилик!
0
KUMU89
2013-11-04 11:25:06
Ajooosun baary ugat, jonokoi misal: baryybyz kichinekei jumuwta wefin aitkandy kylasynda. Iygilik! Jakwy maek.
0
№ 506, 13-июль-19-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан