Мирбек Иманбеков «КАРА КӨЗ»

СЮЖЕТИ ЖОК КЛИП
– Баарына эле маалым болгондой, бул менин алгачкы клибим. Клипте эч кандай сюжет чагылдырылбайт. Себеби, «Кара көз» деген ыр бир эле кызга тиешелүү эмес. Анткени, кыргызымдын кыздарынын баарынын көздөрү кара эмеспи. Болгону клипте «Жаш кыял» элдик үлгүлүү бий ансамблинин кыздарынын бийи коштоп турат. Клипте кыргызымдын кыздарынын сулуулугу, ошон­дой эле кыргыз жерлеринин кооздугу, кереметтүү Көл­дүн касиетин чагылдырууга аракет кылдык.

– Канча убакытта, кайсы жерде тартылды?
– Клип тартуу идеясы жеке концертимди бергенден кийин жаралган. Бирок, продюсерим экөөбүз клипти оюбузда жакшылап бышыруу максатында тартуу убактысын так белгилеген эмеспиз. Акыры убакыт-сааты келип, көл жээгинен тартууга токтолдук. Клипти Көл­дүн Бөкөнбаев айылынын жа­нындагы чөлгө окшош бир пляждан тарт­тык. Ал жерди клипти тартууга чейин продюсерим экөөбүз барып, жакшылап изилдеп, биздин оюбуздагы клипке ыңгайлуу экенин байкап келгенбиз. Кыялыбыздагы клипти тартуу үчүн толук эки күн жумшадык.

– Канча каражат кет­ти?

– Чыгым 1000 доллардын тегерегине барып калды. Клипте көп акча керектеле тургандай сюжет жок болсо да, клипке көмөк көр­сөт­­көндөрдүн гонорары, уюштуруу иштерине, ошондой эле майда-чүйдө чыгымдар болуп отуруп ошончо каражат кетип калды. Эң негизгиси, клип оюмдагыдай тартылды.

– Клип тартуу учурунда кызыктуу окуя...

– Кызыктуу окуялар болду. Бишкектен атайын диск салына турган чоң музыка борборун алып алганбыз. Эми оорун сурабаңыз. Анан туура клипти тартып баштаарда музыкабыз чыкпай жатпайбы. Ары чукуласак да болбойт, бери чукуласак да болбойт. Акыры машинанын магнитофонуна «Кара көз» ырын коюу менен тартууга туура келди. Эң кызыгы, монтаж учурунда кы­йын­чылык­тар болбой, ыр менен кыймылдарыбыз дал келип жатпайбы. Анан дагы клипти тартып бү­түп, үйгө кетип жатсак, машинабыз кумга тыгылып чыга албай, бир топ кыйналдык. Акыры бир айдоочу байкенин жардамы менен кумдан чыктык.

– Эфирге качан чыгат?
– Буюрса, келерки аптада чыгып калат. Клипти эфирден көргөнгө ата-энем, бир туугандарым, досторум, алар менен бирге өзүм да­гы ашыгып жатам.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 198, 18-24-агуст, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан