Партиялашы кармалганда “Ата Журт” менен “Республикадан” айырмаланып, “ата мекенчилер” аптыга чуркап Башкы прокуратурага жетип барышпады. Бул окуя коалициялык өкмөткө кирген “Ата Мекен” үчүн кандайдыр бир деңгээлде сокку болду. Бирок алар өз позициясын эмоцияга алдырбай тактап, таразалап, калыс чечим чыгарууга жетише алышты.
Ооба, көпчүлүк “Ата Мекен” партиялашын коргоп чыгат” деп ойлогон. Анткени көрбөдүкпү, бир депутатка же министрге кылмыш иши козголсо, кесиптештери жөн карап турушпасын. “Миллиондорду жутуп койгон” деп Исхак Пирматовго айып тагылганда эмне болгону эсиңизде бардыр. “Республикачылар” түп көтөрүлө дүрбөлөң салып, кесиптешин эптеп аман алып калышкан. Уулуу көмүр боюнча кылмыш иши жабышканда Шадиевге да ушундай реакция жардам берген. Аны коё туралы, кечээ Түлеев кармалганда Ташиев баш болгон “ата журтчулар” прокуратурага жулкунуп кирип барышып, “журтташын” жетелеп чыгып кетишпедиби. “Ата Мекен”, тескерисинче, өкмөткө кайрылып, Сабировду министрлик кызматтан алуусун өтүнүп, “анын күнөөлүү же таза экенин сот чечсин” деген тыянакка келди. Коомчулук буга "депутаттык да, фракциялык да бийик үлгү" деп баа берип жатканын айта кетели. Бул кадамды ЖКдагы калган төрт фракция үлгү кылып алса болор эле.