ШААРДЫК КЕҢЕШТЕРГЕ САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР ГАНА КАТЫША АЛЫШАТ
Алмазбек Атамбаев “Жергиликтүү Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Баш мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомго кол койду. Мыйзамга ылайык, депутаттыкка талапкер көрсөтүү жана шайлоонун жыйынтыгын аныктоо тартиби өзгөртүлөт. Алсак, шаардык Кеңештин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү мүмкүнчүлүгү саясий партияларга берилет (буга чейинки мыйзамда бул эреже Ош жана Бишкек шаарына гана тиешелүү болчу). Ал эми шаардык Кеңешти шайлоонун жыйынтыгын аныктоодо депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышуу үчүн партияларга 7 пайыздык тоскоол киргизилет. Бир дагы партия 7 пайыз добуш албай калган учурда мандат бөлүштүрүү укугу эң көп добуш алган 3 партияга берилет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
stefan
2012-07-16 09:30:20
кенештере
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.