Кыргызстанда альтернативдүү муфтият түзүлгөнүн 12-июль күнү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматы билдирди. Комиссиянын айтымында, акыркы убакта Кыргызстан Мусулмандар диний башкармалыгынын муфтийи Чубак ажы Жалиловго нааразы болгондордун саны өсүүдө.
"Муфтий эки айдан бери жумушка чыкпай, өз милдеттерин так аткарбай жана мусулмандар жамаатынын өкүлдөрү менен жолугушуудан качып жүргөндүгүнө байланыштуу аксакалдар жана мусулман коомчулугунун демилгечи тобу альтернативдүү муфтият түзүүдө",- деди альтернативдүү муфтияттын уюштуруу тобунун жетекчиси Жыпарбек ажы Тойчубеков. Муфтияттын ишмердүүлүгүн убактылуу улантуу үчүн аталган муфтияттын уюштуруу тобуна ар бир облустун өкүлү кирген. Мындан тышкары альтернативдүү убактылуу муфтий болуп Руслан ажы Жумагулов тандалганы белгилүү болду.