Башкы прокурор чындап коррупцияны түп-тамырынан бери жок кылам деп тырышып жатканынын жыйынтыгыбы, айтор, бул аптада дагы эки адам коррупцияга шектелип кармалды. Бул ирет Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары "Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бөлүнгөн акчаны өз кызыкчылыгына пайдаланган" деп шектелүүдө. ИИМдин билдиргенине караганда, бул жетекчи "2010-жылдын ноябрь айында кызмат абалынан пайдаланып, керектүү документтерди бурмалап, ардагерлерге бөлүнгөн
70 миң сомдон ашык каражатты кымырып алган" деп айыпталып жатат.
Ошондой эле Чүй облустук салык инспекциясынын кызматкери пара бергени үчүн кармалды. Кызматкер бир нече жыл жок ишкана- нын эле ээсинин атына жамынып жүргөн. Бул иш боюнча изилдөөлөр жүрүп жатканда кызматкер ишти токтотуу үчүн тиешелүү органдардын бирине пара берип жаткан жеринен кармалды. Учурда Кылмыш жана жаза кодексинин 314-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.