Алмазбек Атамбаев март айында Орусиянын “Эхо Москвы” радиосуна интервью берген. Президент өз сөзүндө орус өкмөтүнө “Кыргызстандагы аскердик базанын ижарасын 4 жылдан бери төлөбөй жатасыңар, мындан башка да бир канча талаптар аткарылбай келүүдө” деген сыяктуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы чечилбеген маселелерди айтып, кыргыз намыстуу эл экенин орус калкына түшүндүргөндөй болгон. Бир катар саясий серепчилер "президент бекер эле бул сөздөрдү айтты, орус менен унчукпай жашаш керек болчу. Кыргызстандын Орусия менен мамилеси эми өлөт" деген кептерди айтып чыгышкан. Бирок, тескерисинче, Атамбаевдин ал сөзүнөн кийин Орусия тарап ижара акысын төлөп беришкен.
Ал эми бул аптада Владимир Путин эки өлкөгө тең пайда алып келе тургандай кызматташууга даяр экенин билдирди. “Азыр Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда кызуу кызматташуу жүрүүдө. Мисалы, Камбар-Ата ГЭС-1ни жана Жогорку Нарын ГЭСин куруу маселелери. Биз КМШ өлкөлөрү арасында энергетика жаатында кызматташалы деп жатабыз”,- деди Владимир Путин. Мындан улам Орусия Кыргызстан менен эсептешүүгө мажбур экени билинди. Бул жаатта башка президенттерден айырмаланып Атамбаев кыргыз намыстуу эл экенин татыктуу көрсөтүп бере алды.