5 июлда УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан Кыргызстандын Социалдык өнүктүрүү министри, “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Сабиров Равшан Азатович кармалды.
Адамгерчилик менен анын абалын түшүнүп турабыз. Азыр аны кандай ойлор азапка салып турганын, жакындары – апасы, бир туугандары, жубайы жана балдары санаага чөгүп турганы да белгилүү.
Биздин партия Равшан Сабировго министр болууну сунуштаган. Ал кайда баратканын, бардык бийликти сыноо жана азгырыктар курчаарын билген. Өкмөткө баруу чечимин ал өзү кабыл алган. Бул жетилген жигиттин түшүнүү менен кабыл алган чечими.
Коалициялык көпчүлүктүн мүчөсү катары биздин фракция өкмөт мүчөлөрүнүн аракеттери үчүн саясий жоопкерчилик тартат. Коррупцияга каршы “Ата Мекен” демилгелеген келишкис күрөш жарыяланган шартта ар кандай шектенүүлөр биздин ниеттердин бекемдигине болгон жарандардын ишенимин кетирет.
Ошол себептен биз саясий чечим кабыл алууга мажбурбуз. Бул түзүлгөн кырдаалда Равшан Сабиров саясий кызматты – министрликти ээлебеши керек деп эсептейбиз. Биздин фракция Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Бабановго Равшан Сабировду Социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотуу боюнча өтүндү.
Мындай чечимдин кабыл алынышы Равшан Сабировду күнөөлүү деп санагандык эмес. Бул суроого жоопту сот берет. Кыргызстан Конституцияга ылайык, укуктук өлкө. Биздин өлкөдө жазыксыздык жоромолу аракетте.
Биз үчүн бул жагымсыз, болуп көрбөгөндөй кырдаал. Бул ишти иликтөө калыс жана адилет болушу кажет. Эгер Равшан Сабировдун күнөөсү аныкталса, мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш.
«Ата Мекен» депутаттык фракциясы