Жакын мамилелери жөнүндөгү кеп-сөздү ушул күнгө чейин танып келген актёр Эштон Катчер менен актриса Мила Кунистин мамилеси коомчулукка белгилүү боло баштады. Түгөйлөрдүн кээде ресторанда чогуу жүрүшкөнүн, кээде Эштондун мотоцикли менен сызып баратышканын байкагандар көп. Эштон Катчер мурунку түгөйү актриса Деми Мур менен бул жолу түбөлүккө кош айтышты көрүнөт. Себеби жакынкы күндөрү Мила Кунис Эштонду ата-энеси менен тааныштырууга жетишкен.