30-мартта Бишкекте ич ара “Гезиттик Оскар” аталган «Улуттук гезит» сыйлыгынын лауреаттарына салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлдү. Аталган салтанат “Супер-Инфонун” триумфу менен жыйынтыкталды. Биздин гезит башкы сыйлык аталган абройлуу 6 статуэтканын катарынан экөөнө ээ болду. Эсиңиздерге салып өтсөк, “Супер-Инфо” былтыркы жылы да “Жылдын нускасы” наамына ээ болгон.
Өлкөсү – Кыргызстан
Алгачкы жарыкка чыккан күнү – 31-май, 2002-жыл
Тили – Кыргыз
Тиби – Апталык гезит
Багыты – Маалыматтык маанайшат
Форматы – А3
Негиздөөчүсү – Кылычбек Султанов
Башкы редактору – Шаиста Шатманова
Девизи – “Мезгилден артта калбаңыз!”
Баасы – 9 сом
Нускасы – 70 000-92 000
Дареги – Бишкек шаары, Фрунзе – 402
Веб-сайты – www.super.kg
Мындай иш-чара өлкөбүздө 2-ирет өткөрүлүп жатат. Мына, эки жылдан бери “ММКны колдоо борбору” фонду, Мезгилдүү басылмаларды жаратуучулар жана таратуучулар ассоциациясы уюштуруп келаткан конкурста жылдын мыкты басылмаларын “Улуттук гезит” сыйлыгынын Эксперттеринин Кеңеши аныктап келет. Быйыл конкурска жалпысынан 70тен ашуун менмин деген түрдүү багыттагы басылмалар катышты. Ушул эки жылдын ичинде бул абройлуу сыйлык, салыштырып айтканда, кино тармагындагы дүйнөлүк мыкты тасмаларга берилүүчү “Оскар” сыйлыгына салыштырылып калды. Чындыгында, айтылуу кызыл килем менен жүздөгөн фото жана видеокамералар болбосо да, сыйлык тапшыруунун жүрүшүндөгү атмосфера, нервдердин чыңалышы жагынан америкалык иш-чарадан калышпастыгы анык. Албетте, сыйлык тапшыруунун жүрүшүндө бир да басылма көңүл жаздымда калбай, статуэтка болбосо да атайын дипломдор менен сыйланды.
“Маараке өтөт, анын жеңүүчүлөрү гана тарыхта сакталып калат” дегендей, конкурстун жыйынтыгына келгенде сыймыктануу менен белгилеп өтчү жагдайлар болду. Көп багыттуу “Супер-Инфо” гезити басылмалардын ичинен номинацияларда эң көп талапкер болуп, натыйжада, эң көп сыйлыктарга ээ болду. Бул күнү гезитибиздин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов менен башкы редакторубуз Шаиста Шатманова сахнадан түшпөй, күндүн башкы каармандарына айланышты. Негизи эле кандай гана иш болбосун жасаган иштин акыбети кайтып, эмгек акталса, мындан ашкан сыймык болобу?! Аракетибиздин акыбети кайтып, минтип “Өлкөдөгү биринчи гезит” атагына татыктуу болуу бизди дагы жакшы ийгиликтерге шыктандырып, “Супер” деген атыбызды бекем сактап, мезгил менен канатташ жүрүп элге кенен жана туура маалымат жеткирүүнүн үстүндө талыкпастан эмгек кылууга үндөйт.
Кылычбек Султановдун “2008-жылдын мыкты медиаменеджери” сыйлыгын алып жаткандагы сөзү:
– Биринчиден, дүйнөдөгү эң адилет калыстарга рахмат! Мен ойлойм, мындай наамга бардык талапкерлер татыктуу. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ушундай сыйлыкка ээ болушума шарт түзгөн жакындарыма, сыйлыктын түзүүчүлөрүнө, окурмандарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Ал эми башкы рахматымды менин эмгек жамаатыма айтам. Анан кеп аягында айта кетчү нерсе, мен сыйкырчы эмесмин, мен жөн гана өзүм билбегенди үйрөнүүгө дилгир адаммын.
Андрей Миясаров, “ММКны колдоо борбору” фондунун төрагасы:
– Биздин фонд өлкөбүздүн басылмаларына колдоо болгон башкы максатын ишке ашырууну улантып келет. Андыктан бүгүн мыктылардын мыктылары сыйлыктарга ээ болду. “Улуттук гезит” сыйлыгынын Эксперттер Кеңеши дал ушул басылмаларды учурда гезит рыногунда эң ийгиликтүү деп тапты. Бүгүнкү лауреаттарга артылган мындай жогорку даражадагы ишеним аларды дагы чоң ийгиликтерге түртөт деп ойлойбуз. Алар дүйнөлүк каржылык кризиске карабастан өзүлөрү сүйгөн иши – мыкты гезиттерди жаратуу ишин ийгиликтүү улантышат деп ишенебиз.
«Улуттук гезит» сыйлыгынын 2008-жыл боюнча ээлери:
Ошондой эле атайын диплом менен сыйланган басылмалар:
“Улуттук диаспорага таандык мыкты гезит” – “Ильчи” (Кыргызстандагы корейлер коомдук бирикмесинин гезити)
Базарбек Абдураимов
press@super.kg