«КЫЗЫМДЫ ЗОРДУКТАШТЫ. КОЛУМА ТИЙСЕ АТЫП САЛМАКМЫН!»

Макаланы жазардан мурда мен 4 жигит кордогон 15 жаштагы кыздын абалын ойлодум. Кимдир бирөөгө баягы эле көрүнүш чыгар. А кыз бул окуяны унута алар бекен?..

ЭЭН ТАМДЫН “ЭЭЛЕРИ”
(Окуя жабырлануучунун атасынын айткандарына жана сот токтомуна таянып жазылды.)
2012-жылдын 23-июнь күнү болжол менен саат 08:39дар чамасында жабырлануучу Миргүл майда-барат нерселерди алуу үчүн дүкөнгө жөнөйт. Үйүнөн 500 метрдей алыстыкта курулуш жүрүп жаткан. Жигиттер кыз дүкөндөн келе жатканда аңдып туруп, күчкө салып сүйрөп жөнөшкөн. Жаңы салынып жаткан ээн үйгө алып кирип, алар ыплас оюн башташат. Кызды көтөрүп кирген соң бир колун Н. деген кармаса, экинчи колун анын агасы Т. кармап, үчүнчүсү Д. аттуу зордуктап, төртүнчүсү эшикти карап турган.
Кыздын оозун басып, күч колдонуп арам ойлорун ишке ашырып бүткөндөн кийин “эгерде тирүү калам десең, эч кимге ооз ачпа. Өлтүрүп, жерге көмүп, кирпич менен бастырып салабыз! Эч ким билбей калат. Ооз ачпасаң, сен бизди, биз сени тааныбайбыз!” деп коркутушат. Кыз эч кимге ооз ачпасын айткандан кийин гана коё беришет да, эч нерсе болбогондой тарап кетишет. Ким билет, мүмкүн, окуя алар каалагандай “кар жаады, из сууду” менен бүтүп калмак беле?.. Окуянын калганын жабырлануучунун атасы Исмаил мырзадан угуп көрөлү...

“КҮНДҮЗ ЭЛЕ КОЛ САЛЫШЫПТЫР”
– Кызым он баланын кичүүсү.Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнө караштуу орто мектептин 9-классын быйыл артыкчылык менен бүтүргөн. Мектепте староста, жүрүм-туруму токтоо кызым бар эле. Кырсык болгон күнү мен үйдө болчумун. Дүкөнгө кеткен кызым кийимдери чаң, колдору тытылып, өң-алеттен кетип, ыйлап кирип келди. “Эмне болду?” десем, “жыгылып кеттим” деп өз бөлмөсүнө кирип кетти. Кызым айтмак деле эмес окшойт. 27-июнь күнү классташ балдарына жолугат. Манас аттуу классташы менен дос катары жакшы мамиледе жүргөн экен, ошого ачылыптыр. Ага деле “балдар сабап кетишти” дептир. “Тааныйсыңбы? Көрсөтүп бере аласыңбы?” десе, кызым “ооба” деген экен. Манас балдарды чогултуп барса, курулушта үчөө эле жүрүптүр, бири жок экен. Манас баш болуп алтоо экөөнү катуу урушкан экен. Чөгөлөтүп кызымдан кечирим суратышкандан кийин классташтары тарап кетишет.
Бир аз убакыт өткөндө үчөө жалгыз калган Манасты көчөдөн таап алып “сен кайдан чыккан кыйынсың?!” деп машинага салып алып кетишет. Ош базарындагы шаардык милиция бөлүмүнө алпарып “бул жигитти камагыла” дешсе, андагылар “сигнал түшпөсө же биздин район болбосо эле камай беребизби?” деп албай коюшуптур. Тааныштарына чалып отуруп Арча-Бешик конушундагы бөлүмгө алып барышса, ал жерден опертоптун жетекчиси деген тосуп алыптыр. Киргенден баштап милиция кызматкерлери Манасты 3-4 саат тынбай тепкилешет. Бул биз билгенге чейинки окуя.
28-июнь күнү эртең менен 20-21 жаштардагы бир кыз келди да, менин кызымды сурап калды. Кызымды ойготуп чыксам эле, ары жакка басып кетишти. Жүрөгүм бир нерсени сезип аркасынан барсам, тиги кыз “байке, сиздин кызыңызга болушам деп иним түрмөдө жатат. Кызыңызды 4 уста бала уруп салыптыр” дейт. Шак эле тиги төртөөнү издеп жөнөдүм. “4 уста бала иштеп жаткан, бүгүн жок” дешти айланадагылар. Машинага кызымды, Манастын эжесин, уулумду салып алып милиция бөлүмүнө жөнөдүм. Ошол жерге барганча кызымдын зордукталганын билген эмесмин. Тиги баланын жайын билейин деп кирип кетсем, артымдан уулум келип “ата, иш башкача экен. 4 жигит карындашымды зордуктап кетишиптир” деди. Жер астын-үстүн болуп, көзүм караңгылай түштү.

“АЙБАНДАР, МЕНИ ЭКИ ӨЛТҮРБӨГҮЛӨ!..”
– Арыз жаздым. Тез эле төртөөнү таап келишти оперлер. Иш жакшы бараткан, бир жигит келип калып опертоп менен сүйлөшө баштаган соң болбогон шылтоолорду айта башташты. Кызымды сотмедэкспертизадан өткөрөйүн десем, тиешелүү документтерди жазып бербейт. Эртең мененки 8ден кечки 5ке чейин күттүм да, ММКлардын өкүлдөрүн чакыра баштадым. Көрсө, алар “кыз мурун эле Манас деген жигит менен жыныстык мамиледе болуптур. Ал түрмөгө түшүп калганда аны чыгаруу үчүн 4 жигитти күнөөлөп жатыптыр” деп эбак эле ИИМге жалган маалымат берген экен. “Иш токтоп турат” деп биз дагы жогору жакка телефон чалсак, алар “иш ушундай болгон турбайбы” деп бизге жанагы версияны айтып жатышпайбы. “Ал наристе кыз! Айбандар, зордуктап кызымды бир өлтүрүштү, мени эки өлтүрбөгүлө жалаа жаап!” дедим. Ошол жерден сотмедэкспертизанын башчысы Бегилеровго кайрылып, ал ыкчам комиссия түзүп, кызымды экспертизадан өткөрдүк. Угушума караганда, милиция кызматкерлери “бул ишке байланышы бар” деп жок жерден эле 20 баланы тизмектеп алып, алардын алтоосунан акча талап кылышыптыр.

“ЖОККО АЙЛА ЖОК ЭМЕС, СОТКО АЙЛА ЖОК ЭКЕН”
– 30-июнда кылмышкерлерге санкция берүү үчүн соттун отуруму болду. Сокулук райондук сотунун судьясы Х. Мамадалиев 3 кылмышкерге 15 күндөн санкция берди да, бирин үй камагына чыгарды. Күлкүң келет аргасыз. Өздөрү токтомдун башында “кыздын оозун жаап, колун кармап берген” деген адамды токтомдун аягында “окуяга активдүү катышкан эмес” деп чыгышты. Сот 30-июнь күнү күндүзгү саат 13:00гө белгиленген. Кылмышка шектүү делген адамдардын туугандарын алып кирип кетип, сот 2 саат сүйлөштү. Жанагыдай чечим чыгаргандан кийин ордумдан турдум да, “мени эми чакырып убара болбогула, адилетсиз соттон көрө, башка айла табам” деп чыгып кеттим.
Эгерде ошол күнү окуяны уксам, төрт зөөкүрдү өз колум менен эле атып салмакмын! Дагы ажалдары менин колумда эмес экен.
Мындан 2 ай мурун Арча-Бешикте зордукталып 8 жашар кыз каза болгон. Ошондо эсимде калганы, кылмышкерлердин фотороботун тартып алып, айылдарды үймө-үй кыдырып чыгышкан. Ошол фоторобот жанагы кылмышкерлердин бирине союп каптап койгондой окшош экен. Мен кызымдын ар-намысы үчүн акырына чейин күрөшөм!

Окурман, мындай көрүнүш­төр күн санап өсүүдө. Учурда иш каралып, кылдаттык менен текшерилип жатканынан кабардар болдук. Кантсе да Исмаил мырзанын талаптары орундалып, адилет жаза колдонулат деп ишенебиз. Тергөө иштери аягына чыкканда бул окуяга кайрадан кайрылып, окурмандарды кабардар кылабыз.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

КЫЗ ЗОРДУКТАГАНДАРДЫ ЭЛ АЛДЫНА АЛЫП ЧЫГЫП ЖАЗАЛООГО МЕЗГИЛ ЖЕТТИБИ?



Болот Токтобаев, КУУнун Кыргыз-Кытай институтунун директору:
– Бул азыр бизде актуалдуу маселе. Кыз зордуктагандардын бир-экөөсүн эл алдында катуу жазалаш керек. Анан Кытайдагыдай телевизордон көрсөтүп коюшса, балким, мындай көрүнүш токтомок.


Динара Мадалбекова, абитуриент:
– Бул нерсе жабырлануучу кыздардын психологиясына өтө чоң залалын тийгизип, кайсы бир учурда өлүмгө түрткү болуп жатат. Кылмышкерлерди таш бараңга алса да татыктуу жаза болмок.



Саламат Молдалиев, экономист:
– Кыз зордуктагандар – айбандар! Аларды катуу жазалаш керек. Бирок эл алдына алып чыгып жазалоо туура эмес болуп калат. Ал орто кылымдагы жаза да. Андай мыйзам жок туруп таш бараңга алсак, биз күнөөлүү болуп калабыз. Түрмөгө камасак деле жетиштүү.


Кенже Жылкайдарова, үй кожойкеси:
– Кыздардын деле убал-сообу бар да. Эгер зордукчуларды элдин көзүнчө жазаласа, көргөндөр андай ишке барбай калышат эле. Бирок таш бараңга албай эле, башкача жазаласа болот. Ал эми мыйзам түрүндө жазалайт дегенге мен ишенбейм.



Узакбек Койчуман уулу, унаа жуугуч:
– Мезгил жетти го дейм. Ошол кыздар деле бирөөнүн баласы да. Ага карабай эле барып баса калып жатышат. Мындайды токтотуу үчүн кылмышкерлерди эл алдына алып чыгып, ар түрдүү кыйнап өлтүрүш керек.


Алтынай Байматова, программист:
– Зордуктоо айыл жергесинде да, шаарда да көп болуп жатат. Ошондуктан катуу чара колдонуш керек. Бирок эл алдында эмес, мыйзамдын негизинде эле жазаласа туура болот.


Адыл Төлөкул уулу, студент:
– Мезгил мурда эле жеткен. Педофилдерди колдон келишинче катуу жазаласа жакшы болмок. Эл өзү жазалайбы же бийликпи, так айта албайм. Бирок андайлар өтө катуу жазаны алууга тийиш.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Зөөкүрлөр, жырткычтар кызымды зордукташты!"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (80)
Umka220190
2012-07-21 12:39:59
Бул айбандарды биздин закон жазалай албайт, аларды башкача жол менен жазалаш керек... "Ворошиловский стрелок" деген кинодой кылса, туура болот.
0
zuurakan_kg
2012-07-21 14:44:53
акмактарды олтуруп эле салыш керек!милиционерлерди да атыш керек кайсы ары мн иштеп атат милиция болуп аларга акчаны корсотсон эле тилдери саландап иттерче айтканынды кылышат айбандар!!!ошол кызга жардам бергендин ордуна.Ал эми кызга кааларым кучтуу болсун ийгилик баары алдыда.Кудайым баарын таразалайт!!!
0
sabr
2012-07-21 23:08:53
таш баранга алуу туура болот аллахтын жазганыго от таких баранов надо очистит общество для примера
0
Alizner8329
2012-07-21 23:20:10
Кыргызстанда ен негизгиси жоопкерчилик ЖОК бийликтен талап коюш керек катуу ошондо мыйзам негизинде (темирдей)катуу жазалаш керек
0
eka555
2012-07-22 00:28:44
мындай акмактарды олтурбош керек. эн аз дегенде турмого отургузуш керек кыз кандай кыйналса, алар андан да жаман кыйналышсын да кудайга уну жеткенче. байкуш энелер билбептир да балдарынын ушундай айбан болуп чыгаарын. эх турмушун менен.
0
nurseit.920601
2012-07-22 09:48:00
Janim91 bawka uluttun baldarun maktap kaldin ozun da owolor mn jurosun go e?
0
s.jenta
2012-07-23 01:40:24
Кыргызстанда Сотко, милиционерлерге ишенип болбойт. Акты кара, караны ак кылгандар, ошолор. Акыйкаттык издеген менен жонокой адам аны таппайт. Зоокурлорду, эл алдына алып чыгып, же кандайдыр бир документине КЫЗЫЛ моор басыш керек. Омур бою очпогудой кылып, ал моордун мааниси"зордуктаган" дегенди билдириши керек. Кызга ичим ачышат.
0
chinovnik
2012-07-23 08:49:31
Баарыбызда эже карындаш бар,иттин балдарын эл алдында жазалаш керек.
0
kgkyz
2012-07-24 15:31:07
myndai akmaktardy 4ala jan kylyp jazalash kerek,ukmushtai kyinalyp kudaiga unu jetkendei kylyp...
al emi aksakl menen kyzyna 4on iigilik...
0
jiku_83
2012-08-03 04:29:59
качан арылабыз дейсинер... Соттогулар моминтип чыгарып коюп атса токтобойт мындай нерсе!!!
0
kg_boys
2012-08-18 00:22:09
аларды да сотту да таш баранга алыш керек
0
karaba
2012-08-23 16:41:21
ошол 4 зоокурду теледен корсотуш керек
0
ermina
2012-09-05 04:29:05
билбейм даже эмне деп айтышты....15-жашар кызды 4-бала...байкуш кыз десен....ошол балдардын (алигисин) кесип салыш керек болчу..кечиресиздер конечно, бул создун уяты жок...
0
maksat-kg
2014-11-09 23:23:12
бул иштин жыйынтыгы чыктыбы, кабарлап коёсунарбы, кутобуз
0
Kanat8427
2014-11-09 23:43:00
Соттор кыжырды келтиретда, биринчи ошол акчага сатылган сотторду жазалап анан зордуктаган торпокторду сигарет чекенче шашбай бычып салыш керек.
0
№ 506, 13-июль-19-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан