Кыргыз тасма айдыңында өз эмгеги менен көпчүлүккө таанылган актёр, режиссёр Азамат Арыков элдин көңүлүнө жага турган тасма жаратуунун үстүндө. Көпчүлүк сүйгөн ырчы Таалайбек Бектургановдун өмүрү, чыгармачылыгын чагылдыра турган бул көркөм-документалдуу тасма үчүн режиссёр ырчыны жакындан көргөн-билгендерден маалымат топтоодо. Анан да гитара ойногонду билбесе да, Таалайбек Бектургановго өң-келбети жагынан окшош жигит издеп жаткан чагы.