Акыркы кезде сахнадан көп көрүнбөй калган ырчы Мирбек Иманбеков туулган жери Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылында жердештерине футбол боюнча мелдеш өткөрүп келди. Айылына жөн гана эс алганы барган Мирбек ал жакта жөн жатпастан, айылдагы жаштарды сергек жашоого үндөп, футболдук таймаш уюштурган. 1-орунга 5 миң, 2-орунга 3 миң, 3-орунга 1,5 миң сом байге сайган ырчыга айылдаштары ыраазы.