Ырчы Назминин учурда 5 айлык боюнда бар. Эскерте кетсек, Назминин бул экинчи наристеси болмокчу. “Ичим дагы бир аз чоңойсо, “Жубайыма” деген ырыма клип тартам” деп керектүү убакытты күтүп жаткан чагы экен. Жакында эле жолдошунун кичи мекени – Токтогулдун Жетиген айылына барып, Сыдык Болуш ата аттуу тарыхый инсандын эскирип калган эстелигин оңдоп-түзөп, айыл элинин батасын алып кайтышкан.