Жанар Акаевдин жакында эле үйлөнгөнүн билебиз. Учурда Жанар жубайы Жыргал менен бал айын өткөрүп Түркияда эс алууда. “Келинчегим экөөбүз бал айында жүрүп бири-бирибизди дагы да жакшы биле баштадык. Мисалы, мен Жыргалдын түрк тилинде жакшы сүйлөп, сууда эркин сүзөрүн эми гана билдим. Бул жайды Жыргал экөөбүз саякат жайы деп атадык. Буюрса, Түркиядан башталган сапарыбыз жайы менен уланмакчы. Албетте, арасында жумушка байланыштуу тыныгуулар болот. Пландарыбыз боюнча эми Италиянын Милан шаарына барабыз. Андан соң Грециянын борбору Афиныга барсак, акырында Испанияга деп чечтик”,- дейт Жанар. Ал эми, “калың төлөбөй үйлөндүм” деген Жанар дүйнө кезип бал өткөрүүгө акчаны кайдан тапты деп сураганыбызда, “Калыңды акчамдын жоктугунан эмес, андай салтты бузууну каалагандыктан берген эмесмин” деген жооп алдык.