“Бир келип кетчи Ош жакка” деп баарыбызды ордолуу шаарга чакырган ырчы Гүлнара Кахарова жетинчи наристесин жарыкка алып келди. Ырчы 10-июль күнү кечки саат 20:00дө 4 килограмм салмактагы балканактай уулдуу болуп, сүйүнүчүн биз менен тең бөлүштү. Азырынча наристеге ысым тандай электигин билдирди.
“Баатыр эне” атка конгон Гүлнара айым, бешик бооңуз бек болсун!