Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылына карата облус аймагындагы үй-бүлөлөр арасында июль айынан декабрь айына чейин «Эң мыкты үй-бүлө» сынагы өткөрүлөт.
Ош обладминистрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, сынакты уюштуруп, өткөрүү жагы мамадминистрациянын жана райондук, мамлекеттик администрацияларынын тийиштүү жетекчилерине жүктөлүп, буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө губернатордун биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу К.Тезекбаевге жүктөлдү.