АПТАНЫН АЙЫМЫ АЙЯ САДЫРОВА

Сүйүү жөнүндө...
– Сүйүүнү мен назик гүл катары элестетем. Анткени гүл сыяктуу ооруйт, мамилеге суусайт, өзүнө көңүл бурулушун каалайт. Эгерде багуусу келишпесе, соолуп калышы мүмкүн. Мен сүйүүгө туруктуумун. “Бүгүн бул, эртең башка” деп кете бере турган адамдардан эмесмин.

Ишеним тууралуу...
– Бир Аллага ишенем. Кыска сүрөлөрдүн бир нечесин жаттап алгам. Машинага отурарда, жолго чыгарда, бир иш баштаарда ошол сүрөлөрдү ичимден айтып жолго чыгам. Көзү өтүп кеткен адамдарга да багыштап кээде куран окуйм.

Жашоо жана тагдыр тууралуу...
– Ар бир адам бул жашоого келгенден соң буйруган энчисин алат. Мисалы, жазуучу китеп жазып, музыкант обон жазып же жөн гана кожойкелик милдетин аткарып... Ушул эле учурда ыйманың таза болуп, эч кимге жамандык кылбай, көз артпай, өз жолуңду татыктуу басып өтүшүң керек деп эсептейм.

Наристелер...
– Жашоонун маңызы жана улануусу. Жеке жашоодо баары бүтөт. Сүйүү да, карьера да, баары өзүнүн акыркы чекитине келип такалат. Ал эми балдарда биздин экинчи өмүрүбүз уланат. Мен ата-эне үчүн баладан ашкан бакыт болбойт деп ойлойм.

1982.08.22.
Үйбүлөдө көп күттүргөн нарис­те. Болочок ырчы Бишкек шаарындагы №1 төрөт үйүндө туулган. Айянын салмагы 3 килограмм 500 грамм, бою 49 сантиметр эле. Ал эми ысымын үйбүлө мүчөлөрү чогуу отуруп ыйгарышкан. “Айя” деген сөздү арабчадан бизге которгондо “айдын чагылышы” деген түшүнүктү берет. Кызыгы, Айя кичине кезинде чымчыктардын сайраганын угуп уктаганды жакшы көрчү.

1984-жыл...
Айя эки жашынан баштап Казакстандын Жамбыл шаарындагы “Солнышко” бала бакчасына барган. Бакчадагы балдар айяны аябай жакшы көрүшчү. . Отургучта отуруп ханышанын кейпин кийип, кезек менен колун өптүрчү. Баса, майрамдарда эл алдында бийлегенди аябай жакшы көрчү.

1989-жыл...
Биринчи коңгуроо... Айя 7 жашта. Эки жагына эки бантик тагынып, мектептин босогосун аттаган. Эң престиждүү эсептелинген мектептин үлгүлүү окуучусу эле. Бир окуя болбогондо үлгүлүү кыз катары 1- классты аяктамак. Айяга ата-энеси күчүк сатып берген. Күчүктү жанындай көргөн ал “мектепке кеттим” деп коюп, көчөдө күчүгү менен ойноп жүрө бергенин бир жума бою эч ким байкаган эмес. Кийин бул үчүн катуу жаза алган.

1996-жыл...
Айянын өс­пү­рүм кези. Агаларынын таасириненби, такыр көйнөк же юбка кийчү эмес. Рэпердин стили менен рюкзак, кепка, жынсыларды гана кийчү. Бул жылдары ага биринчи сүйүү келген. Жүрөгүнө биринчи талапкер болгон жигиттин аты Бактияр эле. Экөө сабактан кийин кол кармашып алып сейилдегенди жакшы көрүшчү. Өкүнүчтүүсү, экөөнүн сүйүүсү эки ай гана созулган. Пайдасы, Айянын жан дүйнөсүндө “аялзатмын” деген таттуу сезим ойгонгон.

1997-жыл...
Турмуштагы алгачкы олуттуу кадам. Айя Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эл аралык байланыш факультетинин студенти. Бул кесипти апасынын өтүнүчү менен тандаган. “Мен кыялымда журналист болгум келчү. Ар дайым өзүмдү журналисттин ролунда элестетип алып толкундана берчүмүн. Бирок ал менин ишке ашпаган кыялдарымдын бири болуп кала берди”,- дейт ырчы кыз.

2000-жыл...
Курбусу Ассоль Молдокматова менен тааныштырат. Алгачкы “Малыш” аттуу ыры элге таанылып, ага клип тартылат. Бул ырчылыкка алгачкы кадам эле.

2006-жыл...
Жылдызы жанган ырчы эми башка тармактарда да өзүн сынап көрүүнү чечет. Казакстанда “Той” аттуу журналдын арт-директору болуп эмгектене баштайт. Бул жылдары анын “Сүйүү жалыны” аттуу китеби да жарык көргөн. Ал эми сүйүүдө жолу болбой, төрт жыл сүйлөшкөн жигити менен ажырашып кеткенге аргасыз болгон.

2009-жыл...
Учурда чыгармачылыгы менен алек. Ырларына клип тарттырып, жаңы ырларды жаратуунун ичинде. Бул тууралуу:“Мен эки жолду тандап алышым керек эле. Эгерде Казакстандагы ишимди тандасам, ырчылыкты ташташым керек болчу. Мен ырчылыкты жана Бишкекти тандап алдым”,- дейт аптанын айымы...

Айя ашканада

– Мен бардык эле чыгыш аялдарындай очоктун ээси болгум келет. Тамак жасаганды жакшы көрөм. Үйүмдө конокту көп күтөм. Эти жок, жалаң жашылчалар менен жасала турган шорполордун түрүн жасап ичкенди жактырам.
Таттуу балык Керектелүүчү азыктар:
Сөөгү жок балык – 400 грамм
Ун – 100 грамм
Крахмал – 100 грамм
Татымына жараша туз, кумшекер, томат
Балыкты жууп, анча чоң эмес бөлүктөргө бөлөбүз. Аларды туздап, эки жагын тең унга оонатып алабыз. Анан акырындык менен кууруп баштайбыз. Балыктарды кууруп бүтүп, тарелкага салып коёбуз.

Соус

Көмөч казанды ысытып алып, алгач уксусту куябыз. Сууну куюп, ал кайнагандан кийин кумшекерди, тузду, томатты салып, кайнаганча күтөбүз. Бир аз коюлгандан кийин отту өчүрөбүз. Балыкты жашылчалар менен кооздоп, үстүнө соус куябыз. Тамагыңар даамдуу болсун!

Нуржамал Жийдебаева
stat@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 335, 3-9-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан