Күмүшай Орозкулова: «КАРАТЭ МЕНИ ЧЕЧКИНДҮҮ БОЛУУГА ТАРБИЯЛАДЫ»

Акыркы жылдары спорт жаатында өлкөбүздүн желегин желбиретер жаштардын көбөйүп бараткандыгы сүйүндүрөт. Өзгөчө алар кыздар болсо. Бүгүн биз сөз кылчу коногубуз да жаштайынан спортко аралашып, эркектерден кем калышпай каратэде ийгилик жаратып келаткан Күмүшай Орозкулова болмокчу.

СПОРТЧУ КЫЗ ТУУРАЛУУ

Аты-жөнү – Орозкулова Күмүшай Абдулхашимовна.
Туулган жылы – 1995-жыл, 4-апрель.
Бою – 165 см.
Салмагы – 56 кг.
Үй-бүлөдө – 5 бир туугандын төртүнчүсү, 11-класска көчтү.
Учурда – Каратэ боюнча Азиянын жана Кыргызстандын 3 жолку чемпиону.
Жалал-Абад шаарындагы облустук «Каратэ SKIF» федерациясынын машыктыруучусу.

– Күмүшай, маегибизди сенин каратэге аралашып калганыңдан баштасак...
– Каратэге мен атамдын каалоосу менен келгем. Атам башынан эле «кыздарымдын жок дегенде бири спортко жакыныраак болсо экен» деп тилечү экен. 11 жашка чыкканымда мектебибизде каратэ ийрими ачылды эле, атам жетелеп барып киргизип койгон. Өзүм да шамдагай, спортко жакын болгондуктан, тез эле өздөштүрүп кеттим.

– Анан бат эле ийгилик жаратып баштадыңбы?
– Жаңы машыгып баштаган жылы жакшы ийгиликтерди жаратууга жетиштим. 5-классымда мектеп боюнча өткөрүлгөн мелдеште жеңүүчү аталдым. Негизи, кызыгуу болсо, адам ийгиликке жетише берет экен.

– Мелдеш деп окууну унутуп койгон жоксуңбу?
– Кээде мелдештерге даярдык көрүп, сабактардан жетишпей калган учурларым болот. Андай кезде мугалимдер түшүнүү менен карап, жардам берип турушат. Өткөн жылы, көз тийбесин, сабактарымдын баарын “5ке” окудум.

– Уйкучусуңбу?
– Чынында, уйкучу деле эмесмин. Бирок бир жолку окуядан соң үйдөгүлөргө уйкучу атка конуп калгам. Бир ирет машыгуудан чарчап келген элем. Эртеси таңкы саат 7де Ошко мелдешке жөнөмөкпүз. Атам эртең менен ойготконун бир билем, бирок кайра кантип көзүм илинип кеткенин байкабай калыпмын. Чочуп ойгонуп саатты карасам, 7ден өтүп кетиптир. Тура калып агайыма чалып, “уктап калыпмын, бара берейинби?” десем, “кайда бармак элең?! Болду эми, кечиктиң!” деп бакырды. Мен болсо ыйлап, көз жашым тыйылбайт. Ошентип, ал мелдешке барбай калгам.

– Сени билген балдар каратэчи кыз деп коркуп турушабы?
– Жок, андай деле эмес (күлүп). Бирок балдар мага башкачараак мамиле кылганын байкайм. Кээ бир кыздарга орой мамиледе болчу балдар мага жакшы сүйлөп кайрылышат. Мен муну сый деп түшүнөм.

– Көз алдыңда калган жеңишиң кайсы?
– Бардык жеңиштерим мен үчүн маанилүү. Себеби ар бир жеңишимдин артында чоң эмгек жатат. 2009-жылы (14-15 жаштагы өспүрүмдөр арасында) өткөрүлгөн мелдеште Кыргызстандын чемпиондугун жеңгем. Ошол эле жылы Казакстанда өткөрүлгөн мелдеште Азия чемпиону аталдым. Ошол менин эң эсте калган ийгилигим болду. Ал кездеги сезимдеримди сөз менен жеткирүү кыйын. Кыргызстандын желеги көтөрүлүп жатканда жүрөгүм опколжуп, көзүмдөн жаш айланган.

– Чемпион болуу сен үчүн...
– Чемпиондук мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик. Учурда атайын машыктыруучу жайда балдарга сабак берем. Окуучуларымдын алды сары кур алышты.

– Жеңиштин даамын таткан адамга жеңилүү ызасын тартуу кыйын болсо керек?
– Ооба да. Бир жолку облустук деңгээлде өткөрүлгөн таймашта каршылашымдан жеңилип калгам. Жеңем деген ишенимде болгонумданбы, аябай ыйлагам. Андай учурларда машыктыруучум “ким жеңилбес болуп төрөлүптүр? Жеңилбес адам болбойт” деп көңүлүмдү көтөрүп калат.

– Демөөрчүлөрүң барбы?
– Демөөрчүм – атам. Айыл өкмөт башчыбыз бир аз каралашып турат.

– Анда каражаттын тартыштыгынан кээде мелдештерге катыша албай өкүнгөн учурларың болсо керек?
– Ооба, өкмөт тарабынан колдоо жок. 2011-жылы февраль айында Орусиянын Красноярск шаарында өтө турган мелдешке бара албай калдым. Маселе барып баягы эле каражатка такалды. Ал мелдеште уткандар Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышты. Мүмкүн, каражат болгондо мен да катышып, жеңип, дүйнөлүк мелдеште өзүмдү сынап көрмөк белем деп ойлоп, өкүнүп кетем.

– Спорт жашооңду өзгөрттүбү?
– Албетте. Каратэ мени чечкиндүү болууга тарбиялады. Алдыма максат коюп, ага умтулууга үйрөндүм. Андан тышкары көптөгөн дос арттырдым.

– Кыздар үчүн спорт менен алектенүү оңой иш эмес. Спортту таштайм деген ой болду беле?
– Айылдаштарым көп айтышат, “сен кыз баласың, сага каратэ болбойт” деп. Жадакалса агам да “бир аз кызга окшосоң боло, “накаченная” болбой” деп калат. Таштайм деп аракет кылып көрдүм. Бирок бул да кумар сыяктуу экен, бир кирип алгандан кийин таштап кете албай калдым. Каратэ – менин жашоомдун маанилүү бир бөлүгү.

– Социалдык желелерге кирип турасыңбы?
– Ооба, эл катары эле пайдаланам. Интернет дүйнөсүндө да көп досторум бар.

– Келечекке кандай максаттарды коюп жүрөсүң?
– Чоң максатымдын бири бул – кара курга ээ болуу. Окууну ийгиликтүү аяктап, укук коргоочулук кесиптин ээси болсом дейм.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
AFRODITA-89
2012-07-16 15:36:10
Азамат кыз экенсин коздогон максаттарына жетишинди каалайм жаш экенсин алдыда дагы коп ийгиликтер бар болсун!!!
0
№ 506, 13-июль-19-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан