Гүлжигит Сатибеков: «КҮЙӨӨДӨН ЧЫККАН КЕЛИНГЕ ҮЙЛӨНБӨЙМ»

Учурда тамашалуу ыр, клиптери менен элдин көңүлүн буруп турган ырчы Гүлжигит Сатибеков төмөндө сүйүүсү, жеке жашоосу тууралуу баяндайт.

Аты-жөнү – Гүлжигит Сатибеков
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Аксы району, Мукур айылы
Туулган жылы – 1980-жыл, 9-январь
Бою – 173 см,
Салмагы – 73 кг,
Үй-бүлөдө – 6 бир туугандын экинчиси
Фобиясы – машинанын жогорку ылдамдыгы
Кыялы – татыктуу жар табуу
Репертуарындагы ырлары – “Коштошуу”, “Ошко сапар”, “Балама” жана башка

– Гүлжигит байке, бул ирет сиз менен жалаң гана жеке жашооңуз тууралуу сүйлөшөлү дедик. Кандай кыздарга көз артасыз?
– Аны сөз менен айтып бере албайм. Ал кызды мен бир карап туруп эле жактырып калышым керек.

– Демек, көзүңүз менен сүйөт экенсиз да?
– Сүйлөшүп да көрөсүң дечи, бирок бир караганда өзүнө тартып турган кыз болушу керек.

– Антсе да талаптарыңыз бар чыгар? Эркектер “ыймандуу, сулуу, кара көз болсун” деп айта беришет го...
– Кыскасы, жүрөгүң тандаса, көзү көк кызды деле сүйүп каласың (күлүп).

– Ошол бир карап жактырган кыз менен кантип таанышасыз?
– Негизи, мен кыздар менен көп сүйлөшө бербейм. Бирок бир кыз жагып калса, түз эле барып “кандайсың?” деп учурашып, телефон номерин алганга аракет кылам.

– Бербей койсочу?
– Башка жолдор менен бердиртем да. Мисалы, “клипке тартайын дедим эле” деген сыяктуу.

– Демек, атактуулук жардам берет турбайбы...
– Жардам берип калат. Бирок көбүнчө кыздар менен отуруш, кечелерге барганда эле таанышам. Атайын барып таанышкан учурлар аз эле болгон.

– Клиптериңизден улам сизге намаз окуган кыздар жагат го деп калдым. Аялыңыз намаз окушу керекпи?
– Эң негизгиси, түшүнүктүү болушу керек. Намазды убагы келгенде, балким, окуйттурбуз. Мен азыр намаз окубаган эле кыз менен сүйлөшүп жүрөм. Ал кыз көңүлүмө жагат. Башка эч нерсе айткым келбейт.

– Болочок жубайыңызды кандай элестетесиз?
– Чыгармачылыгыма түшүнө караган, ыймандуу, таза, тыкан... Камыр тамакты аябай жакшы көргөндүктөн, ошондой тамактарды жакшы жасаган кыз болсо жакшы болот.

– “Качан үйлөнөсүң?” деген суроо кулак-мээни жеп жатабы?
– Ооба. Көп сурашат. Кыздар менен сүйлөшкөндө азыр этият мамиле кылып калгам. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” болуп. “Экинчи ирет жаңылып калсам эмне болот?” деп көп ойлоном. Жаш өткөн сайын кыздардын кичинекей болсо да кемчилигин таап чыга берет экенсиң. Баары жакса, мурду жакпай калат же сүйлөгөнү жакпай калат дегендей. Ошон үчүн 11-классты бүтүп, көзүң караңгылап жүргөндө эле үйлөнүп алыш керек экен. “Тандап жүрүп тазга жолугуп каламбы?” деп да ойлоп коём.

– Мурунку жубайыңыз менен сүйлөшүп турасызбы?
– Баламды сурап турам.

– Жарашайын деген ой жокпу?
– Жок. Мен аябай көк бет баламын. Ажырашып жаткан маалда “болду, жарашпайм” деп аялыма да, өзүмө да сөз бергем.

– Турмуштан чыккан кызга үй лөнө бересизби?
– Жок. Көк бет баламын дедим го. Ажырашып жатканда “жакшы, татыктуу кыз алам” деп да өзүмө сөз бергем.

– Турмуштан чыккандар татыктуу эмес болуп калабы ошондо?
– Бешенеге жазганы да. Балким, жылдызым келишип калса, үйлөнүүдөн качпайм дечи, бирок...

– Бирок эркектер кыздарга үйлөнгүсү келет да, ээ?
– Эркектин баарынын ою ошондой болот да.

– Сүйүү барбы сиз үчүн?
– Бар. Бир окумуштуу айткандай, сүйүү бул – эки адамдын ортосундагы чоң күрөш. Жыргалына караганда азабы көбүрөөк.

– Башыңыздан өткөн сүйүүлөрдүн бирин эске салсаңыз...
– Студент маалда сүйлөшкөн кызым бар эле. Аны ушунчалык жакшы көрчүмүн. Барактарга ырларды жазып колуна кармата берчүмүн. Сүйлөшөбүз деп коридордун башына барып отуруп алып “кандайсың?” десем, “жакшымын” дейт. Болду, ошону менен экөөбүз тең сүрдөп, сүйлөбөй жарым саатча отура берчүбүз. Бир маалда “кеттикпи?” десем, “ооба” дейт. Анан кетип калабыз. Күнүгө “бүгүн аябай сүйлөшүп келбесем” деп даярданып барам да, кайра эле ошол жорук кайталанат. Ал кыз кийин турмушка чыгып кеткен. Бирок алгачкы обондорум ошол кызга арналып, ошондон кийин чыгармачылыкка аралаша баштагам. Ал ырларым элге чыга элек. Азыр болсо отуздан өткөндөн кийин, Алыкул жазгандай, көңүл калуулар бат болот окшойт.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
77777
2012-07-18 22:20:48
ozun asmanda elstetip alyptyr go, tipichnyi myrk. i pesni ego besyat,stremnie... Pfffffff
0
Emil.
2012-07-19 10:03:16
Намазды убагы келгенде окуйбуз дейт. Ошол убагы келгиче жашашыбызга ким горантия берет болду экен. Аллах озу кечирсин куноолорубузду.
0
antivir
2012-07-19 11:10:48
кыздар немецтен жаман калксынар да...
+4
Aksandyk
2012-07-19 16:55:08
Адамдын аброюна шек келтирген эн жаман иш. Кыз алып, аны да кетирип, дагы кыз ала берсин, чал болуп калса да ала берсин. Акыретте жообун берет. Кантсе да эл алдындагы киши кандай суйлогону денгээлинен кабар берет. Ага теригип дарегине жаман кеп айткан туура эмес да.
+2
HUMMER
2012-07-19 19:33:20
намыздуу кыздарыбыз коооп болсун!
+1
zamir_kgz
2012-07-21 02:42:45
Эркектердин атынан эркек суйлой алат! Кандай тилин барды? Андай акмак, арам оюн менен Аксылыктардын кадырына шек келтирдин сен!
0
asj.88
2012-07-22 00:06:57
мен да бир согойун дедим эле менден мурун эле айтчу созумду айтып коюпсунар силерге кошулам АКМАК да сулуурак болсо таза олтурмок экен
0
erkinbekova
2012-07-22 00:55:01
emi emne demek elek ozunuz bilesizda.Birok aityp koetgo TEN TENI MENEN TEZEK KABY MENEN dep
0
TAION
2012-07-22 21:04:55
Beti jok kantip aittyn kyz alam dep!!!!negizi bul yrchyny taanybait ekem.Kyz alam degen sozun okup kalyp kim eken desem,ajyrashkan ele biroo turbaiby!!!!!
0
4alma
2012-07-24 00:19:10
Ушуларды окугандан кийин бир дагы кыз тийбей койсо экен,ошондо эшек алат эле да.
0
Asul
2012-07-26 14:57:59
Кыздан артык жубан бар дегенди унутпагылачы. Бир кыз менен турмуш кура албай калып, кайра эле кыз алам дегенин тигинин. Кептин баары озундо болуш керек.Улам эле кыз кайда экен. Деле дымагын.
0
jakusya
2012-07-27 20:05:15
Ужас! Гулжигит сени жакшы эле билем, бул айткан создорун озундун абалына жараша болбой калыптыр ((( окунучтуу. Убакыт корсотот баарын...
0
Sineglazochka
2012-07-28 16:52:32
биринчинин азабын экинчи берди сазайын- деген кеп бар. бул жашоодо ар бир созубузго жооп бермек бар
0
Aby_elli
2012-07-28 20:56:12
Кыз алабы, келин алабы эн негизгиси бактылуу омур суру жубайы менен! Кыз алып деле ажырашып жатышпайбы, ажырашкан келиндердин бактысын ким ойлойт?!
0
amalia
2012-10-08 19:26:16
Birinchi ayalyn jalko ushuga okshogondordon kudai ozu saktasyn adamdyn kadyryna jetpeit
0
№ 506, 13-июль-19-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан