Чүй
7 жылдан бери салт болуп уланып келе жаткан кол өнөрчүлөрдүн Эл аралык "Оймо-2012" аталышындагы фестиваль 24-26-июль күндөрү Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" кинотеатрынын аллеясында башталып, 27-июлдан 5-августка чейин Чолпон-Ата шаарында уланат. Кол өнөрчүлүктү, эл аралык туризмди жана фольклордук салттарды колдоо боюнча уюштурулуп келаткан бул фестивалдын алкагында түрдүү концерттер, жарманке, мастер-класстар, экологиялык акциялар жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү орун алмакчы. Аталган фестивалга Борбордук Азия, Индия, Түркия, Ооганстан жана Тоолуу Алтайдан келген 100дөн ашуун кол өнөрчүлөдүн эмгектери тартууланат.