14-июлда Нарын облусунун башчысы Канатбек Муратбеков Соң-Көл жайлоосундагы Баатай-Арал жана Таш-Дөбө участкасын жайлаган малчылар менен жолугушту. К.Муратбеков өзү менен райондун акимдерин, дарыгерлер тобун, жайыт комитетин, малчыларга тийиштүү болгон мекеме кызматкерлерин кошо ала барып, көйгөйлүү суроолоруна жооп беришти. Жолугушуунун алкагында Нарын Академиялык драма театрынын артисттери элге ыр-күлкү тартуулап, дарыгерлер малчылардын да ден соолугун текшерди. Губернатор: «Биз кереметтүү Соң-Көлүбүздү таза сактайлы, бабалар бизге кандай калтырса, биз урпактарга ошондой өткөрүп берели»,- деп балыкты мыйзамсыз кармагандар менен бирге күрөшүүгө чакырды. Облус башчысынын демилгеси менен барган топ көл жээгиндеги таштандыларды тазалап, жолугушуу ишембилик менен аяктады. Эске сала кетчү жагдай, мындай жолугушуулар дагы Нарындын алыскы жайлоолорунда болмокчу.