Нарын
2010-2011-окуу жылында Нарын менен Оренбург облустарынын кызматташтыгынын негизинде Оренбург Мамлекеттик университетине 8 абитуриент бюджеттик бөлүмгө кабыл алынышкан. Окууда мыкты жетишкендиктери үчүн Болотбек кызы Чолпон жана Элнура Жээнбаева жогорулатылган стипендия алып окуп жатышат. Бул тууралуу Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Исак Орозалиев билдирди. Учурда 6 студент 1-курсун аяктап, 2 айлык каникулга мекенине келишсе, экөөсү үй-бүлөлүк шартка байланыштуу окууларын уланта албай тургандыгын айтышкан.