Талас
Талас облусунда дан эгиндерин чабуу иштери күч алды. Үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда Манас районунда 785 гектар кылкандуу дан эгиндери чабылып, анын 654 гектарын аштык буудай, 131 гектарын арпа түздү. Кылкандуу дан эгиндерин чабуу иштери аталган райондо өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 447 гектарга көп. Жалпысынан быйыл облус боюнча 12 305 гектар жердеги кылкандуу дан эгиндер чабыла турган болсо, анын ичинен аштык буудай 10 570 гектарды, арпа 1735 гектарды түзөт. Бирок азырынча эгин чабуу иштери Манас районунан башка райондордо баштала элек.