Мусулмандар үчүн ыйык саналган Рамазан айы кайрадан босогодо. Демек, 5 парздын бири болгон орозо кармоого ниет кылып, жайкы аптапка карабай “мусулманчылык милдетимди аткарам” деп тургандар үчүн төмөнкү макала пайдалуу кеңеш болсун.
РАМАЗАН АЙЫНДА ТОЗОКТУН ЭШИГИ ЖАБЫЛАТ
Мусулманчылыкта 12 айдын ичинен эң жакшысы – Рамазан айы. Бул айда чын дилден ниет кылып орозо туткан пенде күнөөлөрүнөн арылып, руханий жактан тазаланып, соопко ээ болот. Албетте, ысыктын күнүндө 30 күн орозо кармоо кыйын. Кудуреттүү Алла Таала Куранда мындай дейт:“Мен пенделериме оор болгон ишти буюрбайм”. Эгерде кимде-ким күн кыска маалда, тагыраагы, кышында орозо кармап жүрүп, жайдын күнү андан баш тартчу болсо, бул ибадат кылуудан түздөн-түз качуу деп эсептелет. Демек, “Алла Таала, мен канчалык кыйналсам да сен үчүн ибадат кылам, сен мени мындан да оор сыноолор менен кыйнап коюшуң мүмкүн. Бирок антпедиң, мени акылдан, башкалардан кем кылбадың, дене мүчөлөрүм соо” деп орозосун улантып, жакшы тилек кылса, ал сөзсүз орундалат. Рамазан айында Алла Таала периштелерине мындай буйрук берет: “Эй, периштелерим, эй, Жабраил. Бүт көрүстөндөгүлөргө буйрук кыл, азап берилбесин. Алар азаптан кутулушсун. Рамазан айы бүткүчө бейиштин эшиги ачылсын, тозоктун эшиги бекитилсин жана шайтанды тозокко камагыла”.
НАФИЛ ОРОЗО ДЕГЕН ЭМНЕ?
Нафил орозо – адам милдеттүү түрдө Рамазан айында гана эмес, жылдын башка мезгилинде деле өз ыктыяры менен кармаган орозо. Нафил орозого эң жакшы күндөр болуп ар бир айдын ортосунда үч күн (Ай толуп турган кезде) жана ар бир дүйшөмбү жана бейшемби күндөр эсептелет. Айта кетчү сөз, нафил орозонун өзгөчүлүгү – адам эртең менен ниет кылып ооз жапкан орозосун кайра күн ортосунда буза алганы. Бул үчүн ал күнөө тартпайт.
ЭМНЕДЕН САКТАНУУ КЕРЕК?
Күн ысыкта эгин талаасында жана ар кандай оор жумуштарда иштөө курсакты бат ачырып, суусатат. Андыктан “чыдабай кеттим, оозумду ача берейинчи” дегенден көрө, бат-баттан көлөкө жерде эс алып, жаныңызды аяп иштегениңиз оң. Ошондой эле ооз ачуу жана бекитүү убактысына так болуңуз. Саарлык убакыттын өтүп кетишине же күн бата электигине карабастан, тамактанып алуу орозону бузат. Дагы бир эске түйүп койчу кеңеш, ооз жабык учурда жыныстык катнашта болуудан өзүңүздү тыйыңыз. Ушул жана башка тыюулардан напсиңизди кармап кала алсаңыз, анда орозоңуз, тилегиңиз кабыл болот.
ОРОЗОДО КӨЛГӨ ТҮШСӨ БОЛОБУ?
Ысыктын күнү көпчүлүгүбүз көлмө, бассейндер менен жан сактайбыз. Орозо кармаган адамдын көлгө, душка түшүп денесин сергитип алуусуна жол берилет. Бирок өтө этияттык менен жуунуу жана чөмүлүү талап кылынат. Мисалы, суунун оозго, мурунга жана кулакка кирип кетишинен сактануу зарыл.
ХАДИСТЕН...
"3 кишинин дубасы кыйшаюсуз кабыл болот. Алар: орозо кармап, ооз ачып жаткандагы кишинин дубасы, адилеттүү мамлекет жетекчисинин дубасы жана ак жерден айыпталып жабыр тарткан кишинин дубасы".
"Рамазанда болгон берекенин, жакшылыктын канчалык көп экендигин билгенде, пенде жыл бою Рамазан болсун деп тилек кылмак".
ОРОЗО КАРМАГАНДА...
Орозонун жол-жобосуна толук баш ийип ибадат кылган адам жашоодо бир катар жаман нерселерден алыс болот жана пайда табат. Мисалы:
КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАКТАРЫНДАГЫ УБАКЫТТЫН БИШКЕКТЕН АЙЫРМАЧЫЛЫГЫ
Каракол – 10 мүнөт эрте
Балыкчы – 5 мүнөт эрте
Нарын – 6 мүнөт эрте
Талас – 8 мүнөт кийин
Ош – 12 мүнөт кийин
Чоң Алай – 17 мүнөт кийин
Токтогул – 10 мүнөт кийин
Жалал-Абад – 15 мүнөт кийин
Кадамжай – 20 мүнөт кийин
Чаткал – 25 мүнөт кийин
Баткен – 25 мүнөт кийин
Исфана – 30 мүнөт кийин
ЧҮЙ ОБЛУСУ БИШКЕК ШААРЫНЫН УБАКТЫСЫ МЕНЕН
14түнөн 15-августка караган түн – Кадыр түн
19-август – Орозо айт
26-октябрь – Курман айт
Эскертүү: Айдын жаңырышына карап орозонун башталышы, айт күндөрү, Кадыр түн бир күнгө алдыга же артка жылышы мүмкүн.
СААРЛЫКТА ООЗДУ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ:
Навайту ан асуума савма шахри рамадаана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи таъала Аллаху акбар.
Мааниси:
Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым. Аллоху акбар.
ИҢИРДЕ ООЗДУ АЧУУ ДУБАСЫ:
Аллохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва аълайка таваккалту, ва аъла рызкика афтарту, фагфирлии маа коддамту ва маа аххарту.
Мааниси:
Алла Таалам, өзүң үчүн орозо кармадым. Өзүңө чындап ишендим, өзүңө таяндым, өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир.
Автандил Добулбеков
koom@super.kg