Жайдын аптабы денебизден буу чыгара куйкалап турганда, шаар четиндеги көлмөлөрдүн бирине барып "тамаша торубузду" жайып калдык. Торго чалынган "балык" – бодибилдинг боюнча кашка тиштей бакыйган спортчу Эмил Надырбаев болмокчу. Эмилди "косметикалык фирманын каталогуна жарнамага сүрөткө тартабыз, жайкы эс алуу боюнча видеоролик даярдайбыз" деп чакырдык. Тамаша экенинен шектенип калбасын деп алпаруучу Нурзат Токтосунованы актрисага айланттык. Кеттик анда! Өз көзүңөр менен чымыр денелүү Эмилдин нервин канчалык чыңалтканыбызга күбө болгула.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg