Жанры – Тарыхый драма
Режиссёру – Ягмур жана Дурул Тайлан (ага-инилер)
Продюсери – Тимур Савжи
Сценарийдин автору – Мерал Окай
Башкы ролдордо – Халит Эргенч (Сулейман), Мерьем Узерли (Хюррем, Роксалана), Сельма Эргеч (Хатиже cултан), Небахат Чехре (Валиде султан), Окан Ялабык (Ибрагим паша), Нур Айсан (Махидевран cултан), Мелике Ипек Ялова (Изабелла Фортуна)
Экранда – 2011-жылы 5-январда Түркияда, 2011-жылы 22-декабрда Азербайжанда, 2012-жылы 14-январда Орусияда, 2012-жылдын 20-мартынан ушул күнгө чейин Казакстанда көрсөтүлгөн
Сериялардын узактыгы – 90-100 мүнөт
Тарткан өлкө – Түркия
ТҮРК СЕРИАЛДАР ТОЛКУНУ КАПТАДЫ
"Учурда бизде кайсы өлкөнүн сериалдары популярдуу?” деген суроого жооп издебей деле койсок болчудай. Анткени бул суроонун жообун окурмандардын дээрлик көпчүлүгү билип калды өңдөнөт. Албетте, корей, анан түрк сериалдары. Азыр базарга барсаң, күркөлөрдөн кайсы бир түрк сериалынын уландысын күтүп, диск издеп жаткан кардарды жолуктурасың. Түрк сериалдары менен “ооруп”, бир да сериясын калтырбай көргөн кино сүйүүчүлөр бир эле бизде эмес, бүткүл КМШ өлкөлөрүндө бар. Айрыкча биз төмөндө баян кыла турган сериалды КМШ өлкөлөрүнөн сырткары Европа мамлекеттеринде, араб өлкөлөрүндө да калтырбай көрүшкөнү бизди жагымдуу таң калтырды. Анда Түркиянын тарыхында өчпөз из калтырган Осмон империясынын улуу башкаруучусу Сулейман тууралуу тартылган “Даңазалуу кылым” аттуу тарыхый сериалды баян кылмакчыбыз.
СУЛТАНДЫН ЖҮРӨГҮНӨ ЖОЛ ТАПКАН УКРАИН КЫЗЫ
Сериалда Осмон империясынын 10-султаны Сулеймандын украиналык сулуу Роксаланага болгон кумардуу, ысык сүйүүсү менен анын гареминдеги башка аялдарынын ортосундагы интригалар сүрөттөлөт. Сулеймандын жүрөгүнө жол таап, аны сүйдүрө алган Роксалана секелек кезинде эле вазир Ибрагим паша тарабынан султанга белекке берилген. Куулук, интрига жана арам жолдор менен гаремде жашаган Роксалана Сулейманды азгырып, өзүнө имерип, күңдүктөн мыйзамдуу аялы болгонго жетишет. Анткени ал өмүр бою султандын аялдарынан кордук көрүп жашагысы келген эмес. Ислам динин кабыл алгандан кийин ысымын Хюррем кылып өзгөртүп, султандын башка аялдары менен тымызын согушуп жүрүп отурат. Хюррем бир гана төшөктө кумарлуу эмес, искусствону да жакшы түшүнгөн, айрым мамлекеттик иштерди мыкты өздөштүргөн айым болчу. Сулейманга мыкты кеңешчи да эле. Бирок анын максаты – Сулеймандын биринчи аялы Махидеврандан туулган уулу Мустафаны мураскор эмес, өзүнүн баласын атасынын ордун басуучу катары көргүсү келет. Хюррем амбициясын ишке ашыруу үчүн жолун тоскон бүт адамдарды жок кылууга даяр. Сериал гаремдеги Сулеймандын күң аялдары күйөөсүн бири-биринен кызганып, чыккынчылык кылып, дуба окутуп, урушуп-тытышып, сабатып кеткен сценаларга жык толгон.
СЕРИАЛДЫ ЖАРАТУУЧУЛАРГА ТҮРК ЭЛИ НААРАЗЫ
Сериал жарыкка чыккандан баштап түрктөр анын жаратуучуларына катуу нааразы. Алар тарыхта аты алтын тамгалар менен жазылып калган башкаруучу Сулейманды тасмада шарап ичтирип, кыз жандуу кылып көрсөткөнү, мусулман динин тутунган түрк элинин намысын кемсинткенге барабар дешет. Аталган сериал Түркиянын тарыхында эң көп акча сарпталган алгачкы долбоор. Болжол менен фильмдин жалпы бюджети 7 миллионго жакын долларды түзүп, ондогон өлкөлөрдө эң көп көрүлгөн тасмага айланганына карабай, түрк эли бул кинонун жаратуучуларын жемелөөнү токтотпой келет.
СИЗ БИЛЕСИЗБИ?
КААРМАНДАР ТУУРАЛУУ
Халит Эргенч (Сулейман) 1970-жылы 30-апрелде Стамбулда актёрлордун үй-бүлөсүндө туулган. 2008-жылы актриса Сойсалды Жиземге баш кошуп, бир жарым жылдан кийин ажырашып кетет. Андан соң актриса Бергизар Koрелге үйлөнгөн. Экөөнүн бир уулу бар.
Мерьем Узерли (Хюррем) 1983-жылы 12-августта Германиянын Кассел шаарчасында төрөлгөн. Атасы түрк, апасы немис кызы.
Небахат Чехре (Валиде султан) 1945-жылы 15-мартта Кара деңиздин жээгиндеги Самсун шаарында төрөлгөн. 15 жашында “Түркия периси” наамын алгандан кийин фотомоделдик кесипти аркалай баштаган. Актриса бизге “Тыюу салынган сүйүү” сериалынан тааныш.
Окан Ялабык (Ибрагим паша) 1978-жылы Стамбулда туулган. “Даңазалуу кылым” сериалындагы Ибрагим пашанын ролу үчүн “Анталья” сыйлыгынын “Мыкты эркектин ролу” наамын алган.
Сельма Эргеч (Хатиже султан) 1978-жылы 1-ноябрда Германиянын Хамм шаарында дарыгерлердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы түрк, апасы немис кызы. Кесиби актриса жана модель. Ата-энеси дарыгер болгондуктан, медициналык факультетке тапшырып, бейтапканада стажёр болуп иштеген.
Нур Айсан (Махидевран султан) 1980-жылы 12-ноябрда Германиянын Дуйсбург шаарында төрөлгөн. Атасы түрк, апасы немис улутунун өкүлдөрү. Нур кийимдердин дизайнын чийүүгө кызыгат. Кезинде банк кызматкери, алпаруучу болуп да иштеген.
Лунара Бекиева
kino@super.kg