«ӨЛГҮМ КЕЛИП ЖАТАТ ДЕДИ, А МЕН ЖАРДАМ БЕРДИМ»

“Арак жакшылыкка алып барбайт” деген кеп туура. Анткени “ак молдонун” азабынан бул жолу да кырсык катталды. Каарманыбыздын айткандарын окусаңыз, аргасыздан жакаңызды кармайсыз же жардамга умтулган ашыкча "гумандуулугуна" таң каласыз.

“БЫЧАКТЫ ДЕНЕСИНЕ КИРГИЗЕ УРДУМ”
Үстүбүздөгү жылдын 12-июль күнү Аламүдүн РИИБине Валерий аттуу Кара-Жыгач конушунун тургуну бир тууган агасы Юрийди Роман аттуу жигит бычактап салгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Ыкчам иликтөө кызматкерлери ошол замат окуя болгон жерге жетип барышканда Романдын үйүндө эркек канжалап жаткан.Тергөөнүн жүрүшүндө каза болгон адам 1967-жылкы Юрий Рушаков экендиги аныкталган. Ал жүрөгүнө сайылган ашкана бычагынын жараатынан улам окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми аны сайган Роман маркум менен чогуу арак ичип отурганын моюнуна алган. Көрсө, маркум кылмышка шектүүнүн мурунку өгөй атасы экен. Кылмышка шектелип кармалган Роман Кукушкин тергөө учурунда суроолорго төмөндөгүдөй жооп берди:

Окуя кандайча болду?
– Үйдө отурсам Юра келип калыптыр.

Кимдин үйүнө?
– Менин. Экөөбүз арак ичтик. Ал мурун апам менен чогуу жашаган эле. Кийин ажырашып кетишкен, бирок биздин мамилебиз ошондой эле болчу.

Анан?
– Юра кызып калганда ал сайынып өлгүсү келип, бирок өз жанын кыюуга дити барбай жатканын айтты. Мен ашканадан бычак алып чыгып колуна бердим. Юра бычакты көкүрөгүнө такап кармап турду. Анан “өлүүгө жардам бер” деди. Башында каршы болуп жаткам. Экөөбүз уруша кетип, мен макул болдум да, бычакты денесине киргизе урдум. Ошо... Өзү суранды, мен жөн гана ага жардам бердим.

Кийин эмне кылдың?
– Ошол замат коңшуларга айтып, милицияга телефон чалдык. Анан алар келгиче күтүп отурдум.

“КЫЛМЫШКЕР ТҮРМӨГӨ ОТУРГАН”
Бул айтылгандар кылмышка шектүүнүн өзүнүн версиясы же ойдон чыгарылган жомогу болушу мүмкүн. Бизге Роман Кукушкиндин жардамына милиция кызматкерлери кандай баа беришери баарынан кызык болду. Анын жасаган иши чын эле жардамбы же кылмышпы? Деги эле бул кылмыш иши кандай иликтенип жатат? Ушулар жөнүндө билгибиз келип кайрылганыбызда Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Нурбек Токтосунов буларды айтты:
– Кылмышка шектүү Роман Кукушкин 1985-жылы туулган Кара-Жыгач конушунун тургуну болуп чыкты. Ал мурда да бир жолу тоноочулук менен түрмөгө отуруп чыккан. Учурда бул иш боюнча КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен күнөөлөнүп, тергөө иштери уланууда. Аскат Субанбеков

koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Өлгүм келип жатат деди, а мен жардам бердим"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Jildizka
2012-07-23 17:49:00
озун коргош учун айтылган создор го ишенип, ишенбей турамын.
0
erkinbekova
2012-07-23 22:37:00
жардам бергени жакты
0
zema
2012-07-24 12:37:45
Бир жагынан кулкум келди адам олгусу келседа бироодон жардам сурап олот деп...кудай озу сактасын мындай нерселерден...
0
Saipova.91
2012-07-25 13:46:59
Кызык
0
Saipova.91
2012-07-25 13:49:48
Кызык,жашоодо ар кандай эле окуя болот.
0
edikson_91
2012-07-26 20:22:05
даа тапкан экен жардамчыны !
0
tilek88.88kg
2012-07-26 20:41:23
озу бычакты журогуно сайып озу жардам чакырганы кызык болуптурго . Датектир ылжиге салып текшертип коруш керек анда.
0
jaisan
2012-07-26 21:43:54
Комедиялуу трагедия
0
Kunnur
2012-07-27 02:33:06
Мурунда камалып чыккан болсо балким куносу бардыр.кызык олгусу келсе жардам бергени,кийин кайра милицияга кайрылганы
0
jazim
2012-07-27 14:08:53
Тобоо десе....
0
joke.kultaev
2012-07-27 22:56:23
Чын болушу мумкун. Мас адам озун билбей калган
0
2011
2012-07-28 09:34:56
эгер олгусу келсе бир себебин айтмак да ал,жан ширин.
0
remma
2012-07-28 10:45:04
мына эми эмне кылат биздин сот жардам эле бериптир кое бергиле эми биздин закондун кебездей жумшагы карачы ээ !
0
bopos
2012-07-28 21:32:17
мм,ушундай дегиле.эми озу олгусу келиптир деп калса анда кандай чечим чыгаар экен же чондордун бироо стройкам бар бутурсон болду дээр бекен.анткени мунун акчасы жок да.бизде мурунку сандарда сатылып кеткен соотор бар эле ошон учун оз ойюмду айттым да.
0
Kyzdargan
2012-07-29 16:02:50
Мм мына кызык.Мумкун олумуно бул бала себепкер болуп калгандыр...Ажалы жетип турган болсо....
0
№ 507, 20-июль-26-июль, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан