АСКЕРГЕ «ДЕДДЕРГЕ» ЖОМОК АЙТЫП БЕРҮҮ ҮЧҮН БАРАБЫ?

Менин убагымда «аскердик кызмат – турмуш мектеби» деп айтылчу эле. Бирок акыркы мезгилдерде бул сөз өз маанисин жоготуп бараткандай. Аскердик кызмат азыр зордук-зомбулуктун айынан майып болуу, «дедовщина», бөөдө өлүм менен белгилүү болчу болду. Андыктан ата-энелер уулдарын аскерге жиберүүдөн коркушуп, мекен чегинде кызмат кылгысы келген азаматтар азайып бараткансыйт.

«ДЕДОВЩИНА» ДЕГЕН ЭМНЕ?
«Дедовщина» – кайсы бир мамлекеттин куралдуу күчтөрүндө төмөнкү аскер кызматкерлеринин ортосунда кызмат өтөгөнүнүн мөөнөтүнө жараша түзүлгөн уставдан сырт иерархиялык (төмөнкү чиндегилердин жогоркуларга баш ийүүсү) систем. Адатынча эксплуатация, психологиялык жана физикалык басмырлоо түрүндө бардык аскердик жамаатта (элиталык делген аскерлерде да) кездешет. Качан, кантип пайда болгондугу тууралуу жалпыга белгилүү бирдиктүү бир пикир жок. «Дедовщина» тар маанисинде улуу жана кенже чакыруудагы аскер кызматкерлеринин ортосундагы өз ара мамилесинде уставдын бузулушун камтыйт. Кээ бир учурда офицерлер «дедовщина» тууралуу билмек тургай, аны «тартипти сактоо» үчүн пайдаланган учурлары да болот.

КЫРЧЫНЫНДА КЫЙЫЛГАН ӨМҮРЛӨР

«ӨЗҮН ӨЗҮ ӨЛТҮРДҮ» ДЕГЕН ШЫЛТОО БААРЫНДА БАР»
Аскерге барам деген жигиттердин баары эле аскерде «дедовщина» бар экендигин билишет. Аскерде кызмат өтөп келгендерден шумдуктуу окуяларды, реалдуу чындыкты угуп, кулактары бышып бүткөн. Айтмакчы, «дедовщина» – советтик учурдан калган өнөкөт. Айырмасы, мурунку аскерлер «молодойлорду» чектен ашпай кыйнаса, соңку учурларда «дедовщина» чектен чыгып, денесине залал келтирүү, кээ бир учурларда катуу сабап койгондуктан каза болуп калган же кордук көргөнүнө чыдабай өз өмүрүнө кол салган учурлар да кездешүүдө. Анда фактыларга өтсөк.
Ушул жылдын 21-мартында Шамалды-Сай шаарындагы №2027-чек ара заставасында кызмат өтөп жаткан катардагы аскер Абдымажит уулу Пазыл каза тапкан. Алгач анын «өзүн өзү өлтүрүп алды» дешсе, каза болгон жоокердин апасы Замира Акимова бул кепке ишенбей сотко кайрылган. Натыйжада жоокердин өлүмүнө аскерлер Ахматжан уулу Кабылжан менен Жумабек уулу Темирлан 102- берене менен (өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү) күнөөлөнүшүүдө. Ошондой эле капитан Балтабаев менен прапорщик Осмоналиев 316-берене менен (шалаакылык) күнөөлүү деп шектелип кармалышкан. Учурда иликтөө жүрүп жатат. Замира айым бул боюнча: «Уулумду сержанттар эле сабап өлтүрүп коюшкан. Акыйкаттык жок экен»,- деп билдирди.
Ал эми 24-июнда Ош шаарындагы №2065-аскер бөлүгүндө кызмат өтөө учурунда Абубакир уулу Абдылас каза болгон. Аны да «өзү муунуп алган» дешкени менен, ата-энеси баласынын мындай кадамга баргандыгынан шек санап турушат. Бул иш боюнча №2065-аскер бөлүгүнөн 4 бала «өзүн өзү өлтүргөнгө жеткирүү» деген шек менен кармалып, убактылуу кармоочу жайда отурушат. Абдыластын ата-энесинин айтымында, уулунун денеси көк ала болуп, колдоруна көмүрдүн чогу, манжаларынын ортолоруна тамекинин чогу басылганынын белгилери болгон. Бөйрөктөрүндө, табарсыгында тепкинин издери калган. «Далилдер тургандан кийин «асынып алыптыр» деп жиндини да алдай алышпайт»,- деп ата-энеси аскерди жетектеп жаткандарга наалат айтып, көз жашын төгүшөт.
Өткөн жылдын 5-декабрында Араван районундагы №22-24-Төө-Моюн чек ара заставасында кызмат кылып жүргөн жеринен Туманкелди уулу Дастияр да каза болгон. «Өзүн өзү атып өлгөн» деп чыккан соттун чечимине ишенбей, жалгыз уулунан ажыраган апасы «күнөөлүүлөр жазасын алмайынча тынчыбайм» деп жүргөн чагы.
Таң калычтуу, бирок «өзүн өзү өлтүрүп алды» деген шылтообу же мотивби, айтор, бардык аскер кызматында каза болгон балдардын дарегине айтылууда. Маселенин жакшы иликтенип чыгуусун талап кылган ата-энелердин «соттордон акыйкаттык таппадык» деп редакциябызга келгени эле канча?..

БОЛОЧОК ОФИЦЕРЛЕРДЕГИ «ДЕДОВЩИНА»
30-январда Коргоо министрлигинин алдындагы Аскер институтунун окуу корпусунун 2-кабатындагы дааратканадан 1-курстун курсанты, 1994-жылы туулган Болотбек уулу Таалайбектин асылган денеси табылгандыгы тууралуу мурунку сандарыбызда жазганбыз. «Анын денесин жууган учурда көптөгөн күйүктөр, көк ала тактар чыкты, өзү асынбай эле, бирөөлөр өлтүрүп коюшту»,- деп атасы айткан эле.
Мындан сырткары апрель айында интернет булактарына ушул эле Аскер институтунун 3-курсунун курсанттары 1-курстун курсанттарын сабаган видеоролик тарап кеткен. Бул фактыны иликтеген Аскер прокуратурасы окуя 2008-жылы күзүндө институттун казармасында болгондугун аныктаган. Ошол убактагы жогорку курстун курсанттары республикабыздын ар кайсы бөлүктөрүндөгү куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөп жүргөн болуп чыккан. Аларга Кылмыш жана жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) боюнча кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылган. Болочокто офицер болуучу курсанттар «дедовщинаны» өнүктүрүп жаткандыгынан, «алар кийин бир взводду же ротаны жетектеп калганда уставдан сырт тартип орнотуп калабы?..» деген ойго кабылат экенсиң.

Чүй облусунда жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөп бүткөнүнө 3 ай болгон Арстан (аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу жигит аскердеги “дедовщина” тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
“ДЕДДЕРГЕ” ЖОМОК АЙТЫП, ЫРДАП БЕРЧҮБҮЗ”
– Алгач аскерге барганда «3 күн сага эч ким тийбейт, андан кийин «деддер» кантип жүрүү, кантип кийинүү тууралуу түшүндүрүшөт. Андан кийин гана катачылык кетирсең (мисалы, марш тепкенде адашып калсаң, куруң бош тагылып калса), токмоктоп башташат. Туура жүрсөң деле баары бир шылтоо табышат. Алгач баргандарды «запах» деп аташат, ант бергенден кийин «дух» деген атка ээ болосуң. Бизден кийин жаңы «призыв» келгенден кийин «черпак», ал эми кызматтан кетерге буйрук чыккандан кийин «дембель» деп айтылат. «Молодой» убакта «деддерге» жомок айтып, ырдап берген да күндөр болду. «Тамеки таап кел» десе, аны кандай болбосун таап келесиң. «Бирдик салып бер» дешет. Кээде айла жок салып берсең, кээде тааныштардын өчүп калган телефонуна кайра-кайра чалып, «телефону өчүк экен» деп кутуласың. Аскерде «бирөө бардыгы үчүн, бардыгы бирөө үчүн» деген сөз жашайт. Марш тээп баратып ырдаганда бирөөнүн эле үнү ичке чыгып калса, бардыгыбыз «космос» болобуз. «Космос» дегени, мойнуңду созуп асманды карап турасың, ошол убакта тамакка муштум менен урат. Андан кийин үнүң заңкылдап чыгып калат. Мындан сырткары токмоктун «шарик», «өрүк» жана башка түрлөрү болот. Аскерде жүргөндө атаң да, энең да болуп калган ротанын старшинасы «денеде кандайдыр бир так жокпу?» деп күнүгө текшерип турат. Кокус көгөргөн жер болуп калса, «ким сабады?» деп такып сурайт. Айтпай койсоң нарядга жөнөтөт, айтып койсоң жоокерлер арасында саткын саналып , «костыль», «тоңкулдак» атка коносуң. Андай жоокердин баркы түшөт да, аны эч ким кошпой коёт.
Негизи, аскерде "дедовщина" – чыныгы эркек болуш үчүн керек нерсе. Өмүрү бирөөнүн сөзүн укпаган жигиттер да “деддерден” коркконунан жумшаган ишин чуркап аткарып калышат. Болбосо ал командирдин сөзүн да укпай коюшу мүмкүн. Жоокерлер арасында “кичине чыдасаң, өтүп кетет” деген сөз бар. Азыр кээ бир кичине аскер бөлүктөрүндө “дедовщинаны” болтурбай коюу үчүн бир “призыв” кеткенден кийин гана жаңы “призыв” алып жатат. Мындай кылганда бир аскер бөлүктө бир “призывдагылар” эле болуп калып, мүмкүн бара-бара “дедовщина” өзүнөн-өзү эле жоюлуп кетет болуш керек.

Аскердеги тартип жана башка маселелер тууралуу сураганыбызда Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Асылбек Малаев төмөнкүлөрдү айтып берди:

“ДЕЗЕРТИРЛИК ЖАНА “ДЕДОВЩИНА” КӨП КАТТАЛАТ”
– Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү боюнча катталган кылмыштарды талдап көрдүк. Акыркы убактарда эң көп катталган кылмыштар төмөндөгүлөр: аскердик бөлүктү өзүн-өзү билип таштап кетүү, уставдык мамилелерди одоно түрдө бузуу (“дедовщина”) жана ошонун негизинде өз өмүрүнө кол салуу. 2011-жылы уставдык мамилелерди одоно түрдө бузуу фактылары боюнча 23 кылмыш катталып, алардын 14үнө кылмыш иши козголгон. Өз өмүрүнө кол салуу боюнча 12 факт катталып, бул фактылар боюнча 3 кылмыш иши козголгон. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 6 айында уставды одоно түрдө бузуу фактылары боюнча 9 кылмыш иши козголгон. Өз өмүрүнө кол салуу боюнча 6 учур катталып, бул фактылар боюнча 4 кылмыш иши козголгон.
Куралдуу күчтөрдөгү кылмыштуулукту талдап көргөнүбүздө, уставдык мамилелерди одоно түрдө бузуу фактылары бардык катталган кылмыштардын 9,7 пайызын түзөт. Бул фактылар боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан өз убагында кылмыш иштери козголуп, тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Козголгон кылмыш иштери боюнча эмне себептен жоокерлер кылмыш жолдоруна түшөрү иликтенип, андай жагдайлардын кайталанбашы үчүн аскер бөлүктөрүнүн же тиешелүү аскер мекемелердин башчыларына тергөөнүн жыйынтыктары менен токтом чыгарылып берилет. Мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында такай аскер бөлүктөрүнө барып, жоокерлер арасында сурамжылоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Бардык аскер бөлүктөрүндө Аскер прокуратурасынын ишеним телефондору (0312) 61-16-91, 61-05-65 жана Бишкек гарнизонунуку: 36-78-83 тууралуу маалыматтар жайгаштырылып, даттануу жана сунуш китептери коюлган. Даттануу болуп калса, ал дыкаттык менен иликтенет.
"Дедовщина" мурунтан эле кездешип келе жаткан жаман көрүнүш. Жоокер аскерге келгиче да мындай тартип бузууларды жасап жүргөн болот. Кыскасы, үйдөгү тарбиянын жетишсиздиги да өз таасирин тийгизүүдө.

АРМИЯ КЕРЕК, БИРОК ТАТЫКТУУ...
“Өз аскерин баккысы келбеген эл кийин бирөөнүн аскерин багууга мажбур болот” деген экен император Наполеон Бонапарт. Убагында “Кыргызстанды ким басып алмак эле, бизге армиянын эмне кереги бар?” деген сөздөр да болбой койгон эмес. 2000-жылы болгон Баткен окуясынан кийин куралдуу күчтөр качан болбосун зарыл экенин бардык атуул түшүнгөндөй эле болду. Атүгүл ошол окуядан кийин аскердик кызматка көп көңүл бөлүнө баштаган. Бирок бюджеттин тартыштыгынан жеткиликтүү каражат бөлүнбөй келет. Учурда Коргоо министрлигинин 7 миңдей жоокери бар, алардын 70 пайызы келишимдик негизде, 20 пайызы милдеттүү түрдө кызмат өтөгөндөр.
Качандыр бир кезде биздин армия саны жагынан болбосо да сапаты жагынан эң күчтүү армиялардын катарына кирип калат деп ишене туралы. Бирок аскердик кызматта ушул сыктуу көрүнүштөр кайталана берсе, мекен коргоочуларынын саны кескин азаюу коркунучу бар.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

БҮГҮНКҮ КҮНДӨ АСКЕР КЫЗМАТЫ ТУРМУШ МЕКТЕБИ БОЛО АЛАБЫ?



АРАПБАЙ УРАИМОВ, СТУДЕНТ:
– Биздин өлкөдө аскер мектебинин абалы мыкты деңгээлде болсо, анда кеп башкача болмок. Азыркы учурда аскерге баруу кооптуу, кээде балдар каза болуп кайтып жатышат. Андыктан мен аскердик кызмат өтөөгө каршымын жана турмуштун мектеби боло албайт деп ойлойм.


ЖЕҢИШГҮЛ КУЛУШЕВА, ИШКЕР:
– Аскердик кызматтын пайдасы жок. Биз жаш кезде жигиттер үчүн аскерге баруу сыймык болчу. Азыр жигиттер ал жакка баруудан коркушат. Мисалы, мен баламдын аскерге барып кордук көрүп «тарбияланып» келишин каалабайм.



АБДИБАЛИ ЖАПАРОВ, УБАКТЫЛУУ БОШ:
– Эркектердин турмуш мектеби аскердик кызмат өтөөдөн башталат. Ар бир эне уулун мекенин, элин коргойт деп төрөп, чоңойтот да. Ар бир жигит аскерде кызмат өтөп, турмуштук тарбия алып кайтышы шарт. Мен да аскерде болгонмун. Менин убагымда деле «дедовщина» болгон.


ЭЛМИРА БЕКТУРОВА, МЭЭРМАН АЙЫМ:
– Учурдагы аскерде кызмат өтөгөндөр жакшы тарбия алышпайт. Андыктан турмуштук мектеп боло алат дегенге эч кошулбайм. Азыркы аскерлер кыйноо көрүп, мыкаачылыкта гана тарбияланып жатышат. Тескерисинче, алар эл-жерин сүйүүгө гана тарбияланышы керек эле.



НУРСУЛТАН ЫЙСАЛИЕВ, СТУДЕНТ:
– Аскер кызматы жигитке тарбия берет. Эркек болгондон кийин ар кандай кыйынчылыктарды көрүп, эли-жерин коргоо үчүн баарына даяр болушу керек. Ар бир мырза аскер кызматын өтөөгө милдеттүү.



САБИРА ЖАНЧАРБАЕВА, ОКУТУУЧУ:
– Мен эркектердин аскерге баруусуна каршымын. Ал жактан тарбияланып келмек тургай, каза болуп келип жатышпайбы! Андан көрө жогорку окуу жайлардагы аскердик кафедраларда эле окушканы оң.



НАЗГҮЛ ЭГЕМБЕРДИЕВА, СТУДЕНТ:
– Азыркы учурда жигиттер аскерге барышпайт. Алардын милдети – мекенди коргоо да. Кээде аскердик билет алуу үчүн барышат экен. Мен буга каршымын.

Гүлжан Эшбаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Jildizka
2012-07-23 19:40:54
Ачыгын айтканда азыркы учурда аскерге баруунун кереги жок болуп калды. Аскерге барган балдарды сыйлачуумун.Азырчы мезгилде аскерге эмес кыйноого, олумго баргандай болуп калды го. Интернет, телофондордон коруп атабыз жаны барган аскерлерди кыйнагандарын. Армияны башкаргандары эмне кылат десен карашпай тан калыштуу. Мамилекетибиздин армиясы ушундай темпте кетсе келечекте мен деле жонотпойм баламды. Андан коро ЖОЖго окутканым жакшы. Чондорубуз катуу киришпесе болбой баратат.
0
asdf
2012-07-24 16:19:26
Негизи аскерге барган эле он.Бирок биздин аскердин условиясы жок болуп атпайбы
0
elka_manas_kg
2012-07-26 14:54:34
аскердеги космос деген созу жакты!!! анан дагы элестетим баары моюнун созуп асманды карап тургандарын!!!
0
Mahmud91
2012-07-29 13:30:06
Эркек болгондон кийин баардыгына чыдаш керек дэйт бирок биздин "дедовщина" слишком страшной! Барып келгендер билишет.
0
remma
2012-07-29 21:25:29
эркек болгондон кийин чыдаш керек дегенинерге танкалам чыдап турайын десе жаны чыгып олуп калып жатсан кантип чыдаш керек егер олтуро тээп жатса дедовшина деген болсо керек бирок олтургонго чейин эмес !
0
remma
2012-07-29 21:29:56
Нурсултан Ыйсалиев деген жигит :армияга бардыныз беле?сен студент болбой биринчи барып келсен анан эли жерин эсинен чыгып калат ал жерде азыр эли жерин эмес эптеп жан багыш керек болуп калган.
0
remma
2012-07-29 21:32:03
Араппай Ураимов туура айтат эч пайда жок оорукчан же соогун келет андан коро ата эненди бак.
0
№ 507, 20-июль-26-июль, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА