ЖЫЛДЫЗДАР САХНАГА ЧЕЙИН...

Жылдызы жанган сахна ырчылары бир күндө эле ушундай деңгээлге жеткен эмес. Жеке турмушу кызыгуу туудуруп, көптөгөн күйөрмандарды артынан чуркаткан жылдыздар деле учурунда башка кесипти аркалап, айрымдары кара жумушта иштешкен.
Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын 2-курсунда окуп жүргөн кезинде Съездбек күнүмдүк оокатына акча табыш үчүн «Аламүдүн» базарында соода кылган. Эртең мененки 8ден 10го чейин түрктөр жасаган булочканы сатчу. Бир булочканы 1 сом 80 тыйындан алып, үстүнө 20 тыйын кошуп сатып, күнүнө 50 сом пайда көрчү.

Замир мектепте окуп жүргөндө жайкы эс алуусун дайыма Бишкектеги таякесиникинде өткөрчү. 9-классты аяктап шаарга келген Замир жайдын аптабында муздак суусундуктар жакшы өтөрүн байкап, лимонад жана ал убактагы «юпи» аталган порошокту сууга аралаштырып сатчу. Ошентип, 11-классты аяктаганга чейин эс алууга келгенде «Дордой» базарында суусундук сатып иштеп, окууга керектүү дептер, калем саптан тышкары, бир сыйра кийим сатып алчу. Мектепти бүтүп келген соң таякесинин тигүүчү цехинде эркектердин шымын бычып, туура 2 жыл эмгектенген.

Ынак ырчы болгуча 2002-жылдары Токмок шаарындагы кагаз-картон чыгарган заводду жерпайынан баштап, тээ чокусуна чейин тургузууга катышкан. Жумуш убактысы 8ден кечки 6га чейин эле. Күнүнө 50 сомдон тапчу. Ынак заводду салдырып жаткан кытайлар менен сүйлөшүп, түнкү 11ге чейин калып иштеп 90 сом алчу. «Кытайлар аябай кыйнап иштетчү. Бир мүнөт жөн турганыңды көрсө урушчу», - деп эскерет Ынак. Ошондой эле Маевка айылындагы балмуздак чыгарган заводду курган куруучулар тобунда да иштеген. Ырчы болгусу келген Ынак каржы жактан кыйналып, «Дордой» базарында айымдардын бут кийимин сатуучу контейнер ачат. Ушул контейнерден түшкөн киреше аркылуу сахнага кийип чыкчу кийимдерин тиктирип, ыр жаздырып, клиптерин тарткан. Азыр деле «Дордойдо» контейнери бар, бирок ал жакка өзү чыкпай калган. «Өзүм чыксам кыздар намысыма тийип, ырчы да бут кийим сатабы?» - деп мазактай беришет. Чындыгында, адал эмгек менен өз оокатыңды табууда эч кандай шылдың жок эмеспи», - дейт ырчы.

Ильяздын ата-энеси иштебе деп урушса да 6-классынан баштап чоң энесине максым жасатып, достору менен базардагы элдин суусунун кандырып келген. Максымдан түшкөн пайда күнүнө 10-20 сомду түзчү. Кийин отун чогултуп 1 кабын 100 сомдон сатып, өзүнүн баскан-турганын өзү камсыз кылган. Кийин мектепти аяктаган соң музыкага баш-оту менен кирип кеткен ырчы көпчүлүк ырчылардай эле ар кайсы кафеде музыкант болуп иштеген.

Омардын өң-келбетине көңүл бурган адам анын кийген кийиминен, апакай колдорунан улам «таптакыр кара жумуш кылбаса керек» деп ойлошу мүмкүн. Бирок мындай ой туура эмес болуп калат. Омар мындан 2 жыл мурун авто жуугуч болуп иштеген. Ал эми кичинекей кезинде айылга чоң атасыныкына барганда үйүн салганга жардам берип, ай сайын айлык акы да алчу экен. Алган акчасына мектепке керектүү буюмдарды сатып алганын эскерет ырчы.

Сема 1995-99-жылдары «Дордой» базарында бут кийим сатып иштеген. Ал учурда Сема ырчы болууну самаса да, максатына жетүү оңой иш эмес экенин билген. Кийин кафелерде музыкант болуп эмгектенүүгө өткөн Сема бир топ жыл кафеде ырдаган соң гана чоң сахнага аттанган.

Улуттук консерваториянын 1-курсунда окуп жүргөн
Розанын группалашы борбордогу кафелердин биринде идиш жууп иштечү. Бир күнү курбусу ооруп калып, анын ордуна Роза иштеген. Ошол учурда Розанын колунда акчасы аз калган эле. 1 күн идиш жууп, 3 күндүк тамак-ашына жетерлик акча тапкан. Андан кийин да акчанын тартыштыгынан кабат үйлөрдүн подъездин таңкы 4төн 6 жарымга чейин жууп жүргөн. Роза жууган подъездде жашаган бир байке: «Ай, кыз, сен бул жумушта акчаң жок үчүн иштеп жатасың да. Ме, бул акчаны менин атымдан алып кой», - деп 300 сом сунган. Байкенин бул кылыгы Розанын намысына тийип, ошондон кийин ал жумушта иштебей калган.

Айгүл 10-класста окуп жүргөндө атасына жардамдашып базарга чыгып таруу, жүгөрү саткан. Атасы Айгүлдү «үйдүн улуусу эмессиңби, бөбөктөрүң кичине да» деп ээрчитип алчу. Атасы Айгүлгө айлык акы төлөбөсө да, каалаган буюмун алып берип турган.

Эрмек акылына киргенде эле ата-энесине көз каранды болбой калган. 2000-жылдан 2003-жылга чейин достору менен талаадан күн карама, жер жаңгак чогултуп, тазалап, аны кайра кууруп сатчу. Мүшөк-мүшөк күн карама, жер жаңгактарды кожоюнга санап өткөргөн Эрмек жума сайын 5000 сомдон маяна алып турчу. 5000 сомдун азыраак бөлүгүн ата-энесине берип, аларды да ыраазы кылчу.

Акбар коопсуздук кызматкери болуп сахнага чыга электе да, чыккандан кийин да иштеген. Акбар ырчы катары аты таанылып калгандан кийин туура 1 жыл 3 ай бою бул кызматты аркалаган. Ошентип, ырчынын алгачкы ырларынын аранжировкасы коопсуздук кызматкери болуп иштеп турганда жасалган.

Бактыгүл Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 335, 3-9-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан