ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (23-июлдан 29-июлга) чейин

КОЙ (21.03-20.04)
Абдан кыймылдуу, мээнеткеч болуп чыга келесиз. Ошого жараша көп иштерди бүтүрүп алууга үлгүрүңүз. Душманыңыздын да, досторуңуздун да саны азаят. Тапкан акчаңызды үнөмдөп, туура колдоно албасаңыз, апта аягында акчага муктаж болуп каласыз. Бейшембиде бир себептерден улам жүрөгүңүздө кызганыч сезими алоолонот. Чеги менен болуңуз. Жекшембиде бирөөлөрдүн ишине жана жеке жашоосуна кийлигишпеңиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Уккан маалыматтардын чын-төгүнүн аныктабай чечим чыгаруу, кеңешпей иш кылуу – башкы душманыңыз. Этият болбосо, үй-бүлөлүк жана сүйүшкөн жуптардын ортосунда чыр чыгат. Чоң үмүт арткан долбоор сиз ойлогондой алдыга жылбай кайгыртышы мүмкүн. Шаршембиде жакындарыңыздын бири белек берип кубантат. Жума күнү документ иштерине тактоо киргизүү керектелет. Мүмкүн, жакынкы жерлерге барып келүүгө туура келет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жетишкендиктерге алымсынбай, дагы бийиктикке көтөрүлгүңүз келет. Бул үчүн бирөөлөрдүн пикирин жана жардамын пайдалана билиңиз. Зыяндуу адаттардан арылбагандардын өнөкөт оорулары козголушу ыктымал. Жеке жашооңузга бир туугандарыңыздын аралашуусунан улам чырдын келип чыгышы мүмкүн. Ишембиде моралдык колдоого мажбур кишиге жардам бериңиз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Күндө керектелүүчү тиричилик техникасын сатып алууга ыңгайлуу апта. Чыгармачылык жаатындагы адамдардын иши өргө жылат. Тууганыңызга жасаган жакшылыгыңыздын акыбети шейшембиде кайтат. Кара күч менен алектенүүдө белиңизге оордук келбегендей болсун. Жума күнү жан дүйнөңүздүн тынчтыгын көздөп, баарына кайдигер болуп чыга келесиз. Жекшембиде жүрөгүңүзгө жакын адам менен бирге болосуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Мүнөзүңүздүн туруктуу болбой, өзгөрүлүп жатканын байкайсыз.Буга эмнелер таасир этип жатканын изилдеп көрүңүз. Апта ичинде муздак суусундуктарды көп кабыл алуудан, муздак жерге көп отуруудан качыңыз. Бейшембиде колдоо көрсөткөнүңүз үчүн сүйүктүүңүз сиздей адамы бар экендигине ыраазы болуп, алкышка бөлөйт. Дем алыш күнү ызы-чуудан алыс эс алганыңыз оң.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жашоого, чөйрөгө болгон көз карашыңыз өзгөрө баштайт. Буга күтүлбөгөн окуянын себепчи болушу күтүлүүдө. Аптада чарба иштерин шашылыш бүткөрүүгө туура келет. Буга чейинки көргөн түштүн туура чыгышы күтүлөт. Дүйшөмбүдө акча жана сапарга чыгуу маселеси тынчыңызды алат. Шаршембиде шаңдуу кеченин коногу болуп калууңуз ыктымал.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Айлана-тегеректегилерге суз, бейкапар көрүнгөнүңүз менен, дайыма ишти биринчи орунга коё турганыңыз элге айкындалат. Үй-бүлөлүүлөргө жакындары жардам көрсөтсө, мамилелери дагы чыңдалат. Шаршембиде бирөөгө моралдык жардам көрсөтүүгө мажбур болосуз. Жума күнү жан дүйнөңүздү байыта турган чыгарма окуп, же кино көрүп эргийсиз. Жекшембини досуңуздукунда өткөрүүңүз мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Кээ бирлердин өнөкөт оорулары курчушу мүмкүн. Жеке жашоодогу маселелер катуу чечим кабыл алууга же чечкиндүү аракет кылууга түртөт. Чыдамдуулукту көрсөтүүгө туура келет. Чыр сиздин пайдага чечилбейт. Бейшембиде сизди тажрыйба алмашуу, пайдалуу заказ күтөт. Жума күнү туугандарга баш багып, мусулмандык парздан кутуласыз. Жекшембиде буюм сатуу же сатып алуу менен алектенүүңүз мүмкүн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Кетирген каталарды моюнга алуу, кечирим суроо, үй-бүлөдө түшүнүшүүнүн орун алышы... Булар сиздин жеке жашооңузду оң жакка өзгөртүп, эски тааныштар менен катыштарды жаңыртат. Жума күнү буюм алууда сапатына көңүл бурбасаңыз, бөөдө күйүп каласыз. Ишембиде чарбаны калыпка келтирип, үй иштерин бүткөрүүгө убактыңыз кетет. Жекшембиде киного же чакан кечеге барууңуз мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кеселден айыгууга, күч топтоого, эңсегендей эс алууга ыңгайлуу апта. Элдик дарыгерлер ооруңузга шыпаа таап берүүлөрү толук мүмкүн. Апта ичинде адилетсиздикке туш келсеңиз, кысынбай оюңузду бетке айтыңыз. Шейшембиде достукту баалаган адам экениңизди жакын тааныштарыңызга көрсөтүүңүзгө туура келет. Жума күнү тартууланган белек, айтылган сөз сизди кайдигер калтырбайт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Чечкиндүү кадамдар, алдын ала ойлонулган тобокелге салуулар өзүн актайт. Ички дүйнөңүзгө сүңгүп кирип, өзүңүздү ачууга аракеттенесиз. Андыктан психологго кайрылууга, мечитке барууга оңтойлуу. Бейшембиде сүйүү дүйнөсүнүн бийлигинде болосуз. Ишембиде көп эле жумшак боло бербеңиз. Мындай мамилеңизден башкалар пайдаланып кетүүлөрү мүмкүн.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Тең салмактан чыкпай, азгыргандардын тилине кирбей, өз алдыңызча иш кылыңыз. Сиз күтпөгөн жактан жардам келиши күтүлүүдө. Дүйшөмбүдө маданий иш-чарага аралашууңуз ыктымал. Шейшемби – чыгымдарды талап кылуучу күн. Мүмкүн, электр приборун сатып аласыз. Жума күнү пайдалуу бизнес боюнча сунуш алууңуз мүмкүн. Жекшембиде үйүңүзгө эски тааныштар баш багышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 507, 20-июль-26-июль, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан