АТКАРЫЛБАГАН АМАНАТ (сериал)

(Башы өткөн сандарыбызда)

Жаныбек бул кылыгы үчүн өзүнө өзү абдан нааразы. Эртең жубайы Жаннатты алып Москвага учуусу керек болгону менен, камдап койгон акчасы жок. Бүгүн кечке чейин кайдан тапса да Алинага алдыртып жиберген акчасынын ордун толукташы керек. Тааныштарынын баарына чалып чарчады. Эң акырында гана мурда акчанын айынан чогуу иштешпей калган Алмаз аттуу таанышына кайрылууга аргасыз болду:
– Алмаз, кандайсың? Бул мен, Жаныбекмин.
– Аа, Жаныбек, жакшы, кайдан сен? Жардамым керек болду окшойт го, мага кайрылып калганыңа караганда?..
– Ошондой болуп турат, Алмаке. Башка аргам калбады.
– Не болду, айта бер?
– Эртеңкиге акча керек болуп жатат. Келинчегим катуу ооруп, Москвага операцияга алып кетишим керек эле.
– Көрдүңбү, Жаке, кандай болгон күндө да, таттуу оозубуздун даамын кетирбей, болбогон акча үчүн жаман-жакшы айтышпашыбыз керек болчу. Эртең эле бири-бирибиздин жардамыбызга муктаж болуп калышыбыз мүмкүн. Мен сага ошондо эле айтпадым беле, “бир күнү алдыма келип кечирим сурап, ишиң түшөт” деп. Чын эле айтыпмынбы?
– Аның ырас экен. Эми убагында ошого маани деле бербеген экенмин, терең ойлонбопмун, Алмаке.
– Болуптур, Жаныбек, айт, канча акча керек сага?
– 10 миң доллар.
– Жарайт, азыр келе кал.
Жаныбек Алмаздын алдында канчалык басынып турганын сезсе да, үн катпай, анын какшыктарына жылмаюу менен гана жооп кайтарууга аргасыз болуп турду. Бир чети башка бир дагы адамдан мынча чоң суммадагы акча чыкпай койгонуна ачууланса, бир чети акчаны тапканына кубана, өзүн “ырас эле болот сага, оорукчан жубайыңды унутуп, кайдагы бир сойкунун амалынан чыга албай, көзүң көр, кулагың дүлөй болуп, оозуңдан сөзүң түшүп, Алинаны ээрчип жүргөнүңдүн артында бул иш бар болчу. Сен ушуну көрмөксүң. Кайдагы жаш кызга алданганың, эң төмөнкү адам экендигиңден кабар берет. Сага ушундай какшык менен басынтуу гана керек болчу!..” деп жемелеп турду.

ххх

Тумар бүгүн үйгө күндөгүдөн айырмаланып ыйлап эмес, жаркылдап күлүп келди. Алдынан чыккан Айжамалды кучактап эки бетинен катуу-катуу сүйдү да:
– Самат кана?
– Сыртта ойноп жүрөт.
Тумар бул суроону Айжамалга узатканы менен, жообуна маани деле бербеди. Кубанганынан кимге эмне деп сүйлөп жатканын баамдабай деле калды. Улам бир эшикти ачып Уланды издеп жүрөт:
– Улан, Ула-ан, кайда жүрөсүң?! Сага бир жаңылыгым бар.
Акыры Уландын үйдө жок экендигин билери менен ага телефон чалды:
– Алло, Улан.
– Тумар, ананыраак өзүм кайра чалам, азыр бош эмес элем. Тү-үт, тү-үт...
– Карасаң, ушундай чоң жаңылык айтар маалда кашайып бошобой калганын. Мейли, анда апамды биринчи кубантайын,- деген бойдон апасына телефон чалды. Көптөн күткөн бакытка жакында ээ болорун, акыры кош бойлуу экендигин апасына кабарлап, анын кеп-кеңешин укту. Акыры Уландын телефон чалуусун күтүп отуруунун ордуна СМС аркылуу өзү бара турган кафенин атын, дарегин жазып, “тезинен мага жолук” деген кабарлама жөнөттү да, кубанган бойдон чыгып кетти.
Жаныбек менен Жаннаттын Москвага учуп келгенине бүгүн үч күн болду. Дарыгерлер Жаннатты толугу менен медициналык кароолордон өткөрүп, анын эмчегинде чындыгында эле шишик бар экендигин аныкташты. Бирок шишиктин эки түрү: бири өмүргө коркунучтуу, экинчиси коркунучсуз экендигин түшүндүрүп беришти. Бирок анын эмчегиндеги шишик кайсы түргө кирери али аныктала элек. Ал үчүн дагы бир жума убакыт өтүшү керек. Ошондо гана толук анализдер даяр болуп, ооруга толук кандуу диагноз коюлат. Бул бир жума Жаныбек менен Жаннат үчүн бүтүндөй өмүр эле. Жаннаттын ойлогону, бир гана ажалынын жакындап калганы, дарыгердин “сиздин ооруңуз айыккыс экен, эч кандай жардам бере албайбыз” деген сөзү эле. Ал эми Жаныбек жубайынын бул жерден айыгып кетерине терең ишенип алган. Ошентсе да Жаннат ага ушунчалык аянычтуу көрүнөт. Анан да ушундай олуттуу ооруга чыдап, көзүнө чөп салып жүргөн күндөрү да эч нерсе деп үн катпаганына таң кала анын мүнөзүн эми гана билип жатканына капа. Кээде экөө сүйлөшүп отурганда “мен сага эки дүйнө ыраазымын. Сен бир гана мен үчүн жаралгандайсың. Кудай дагы бир жашоо берсе, ал жашоону да сени менен өткөрмөкмүн” деп айтат. Жаныбек ичинен Жаннаттын алдында өзүн күнөөлүү сезип, “качан гана жемелеген какшык сөздөрүн айтып, “сени жаман көрөм, көзүмө көрүнбө!” деген сөз менен өзүнөн алыс кууп чыгар экен?..” деп жан дүйнөсүндө тынчтык жок. Күн сайын “Жаннат, мен туура эмес кылган иштерим үчүн кечирим сурайм, мени кечир?!” деп кечирим сураганы сураган. Мындай учурда Жаннат "сен мен ооруп жаткан күндө мага жөлөк боло албадың, кайгымды тең бөлүшкөн жоксуң. Жаш кыздар менен көңүл ачып жүрдүң" деген сыяктуу сөздөрдү бир дагы жолу айткан жок. Болгону, "сен дагы менин жашоомдогу эң чоң олжомсуң. Мен сенсиз жашоомду элестете албайм" деп тим болот. Бирок бул сөздү угуу Жаныбекке канчалык оор экендигин ичинен туюп турат. Өткөн күндөрдүн баары унутулгандай, эч нерсе болбогондой түр көрсөтөт. Бир эсе экөө чогуу отуруп сүйлөшүп жүргөн, жаңы баш кошкон күндөрүн эстерине ала жылмайып калышса, алыста калган балдарын ойлоп капага баткандай отуруп калышат. Айтор, дарыгерлердин акыркы жыйынтык сөзүн угуу үчүн моралдык жактан өздөрүн даярдап жатышат:
– Көрөсүң го, баары мен айткандай болот. Сенин ооруң айыгат, сен, мен, Самат, Айжамал болуп бактылуу өмүр сүрөбүз. Сен али балдарыбыздын балдарын багышың керек. Аны унутпа.
– Кайдагыны айтпай туралычы. Канткен күндө да жаман кабар угуп калышыбыз да мүмкүн экендигин унутпайлы.
– Жаманды ойлосоң жаман болот, жакшыны ойлосоң жакшы болот, Жаннат. Ойду да башкара билүүнү үйрөнүш керек. Сен мага, балдарыбызга керексиң.
– Оюбуздагыдай эле боло берсе кана, Жаныбек. Анда баары башкача болбойт беле.
– Койчу аны, андан көрө жакшы нерселер жөнүндө сөз кылалычы. Азыр балдарыбыз эмне кылып жатышты болду экен?..
Бул учурда Самат менен Айжамал үйдө жалгыз калышкан эле...

(Уландысы кийинки сандарыбызда)

Айнура Болот кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
eliza_eliza
2012-07-23 09:40:31
Эх,жакшылыктар менен эле коштолуп бутсо экен.... Жаннат менен Жаныбек бири-бири учун жаралгандай!
0
Nevajno
2012-07-23 12:47:42
балдар дагы жалгыз калды.................
0
goldnuri
2012-07-23 13:06:07
Кийинкисин батырак эле окуткулачы....
0
Janym91
2012-07-23 16:17:50
Эми дагы бир жума кутуш керек уф!
0
Nurzada-5
2012-07-24 11:39:01
автор Жаннатты аябасан дагы балдарын аяп олтурбой эле коюнузчу, айыгып кетсинчи, анан жанагы Алинанын жазасын колуна бериш керек.
0
№ 507, 20-июль-26-июль, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан